Журналисттер орус аскерлери атылганын тастыкташты, АКШ Путиндин кыздарына санкция салды

АКШ Орусия президентинин үй-бүлө мүчөлөрүнө карата жеке мүнөзгө ээ санцияларды салды. Бул тууралуу АКШнын Каржы министрлигин сайтында кабарланды.

Ведомствонун маалыматына ылайык, санкциялар Катерина Тихоновага жана Мария Воронцовага карата салынган. Каржы министрлиги аларды Путиндин кыздары деп атоодо.

АКШ Тихонованын иши Орусиянын өкмөтүн жана коргонуу өнөр жайын колдойт деп эсептейт. Ал эми Воронцова генетикалык изилдөө тармактарына миллардаган долларларды алган мамлекеттик программалардын жетекчиси экени айтылат. АКШнын Каржы министрлиги бул программалар Путиндин көзөмөлүндө деп эсептейт.

2019-жылы BBC Тихонова Москва мамлекеттик университетинин базасында иштеген «Иннопрактика» компаниясынын башчысы экенин жазган. Воронцова, BBC’нин маалыматына ылайык, Орусияда саламаттык сактоодо ири инвестициялык долбоорду ишке ашырып жаткан «Номеко» компаниясынын ээлеринин бири.

Мындан тышкары, АКШнын санкциялык тизмесине Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин жана Москванын мэри Сергей Собянин киргени маалымдалды. Алар дагы Орусиянын Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү болуп эсептелет.

БУУнун 5-апрелге карата маалыматына ылайык, Орусия толук кол салган 24-февралдан бери Украинада кеминде 3 776 жай тургун, анын ичинде 130 бала каза таап, 2 213 киши жарадар болду, анын 188и балдар.

Уюмдан «реалдуу жоготуулар алда канча көп» деп кошумчалашты.

Америкадагы The New York Times басылмасынын журналисттери социалдык тармактарга жарыяланган видеону иликтеп, аны чын-төгүнүн тастыкташты. Видеодо жарадар болгон орус аскерлерин атып жаткан украин солдаттары тартылган.

Видео соцтүйүндөргө 4-апрелде жарыяланган. Кадрлардан украиналык аскер жерде жаткан орус аскерине ок атканын көрүүгө болот.

Эскертүү! Видеодо өлүм учурлары бар. Эгер андагы кадрларды көрүүгө даяр эмес болсоңуз, шилтемени ачпоону суранабыз.

Журналисттердин маалыматына ылайык, видео Киевге жакын Дмитровка деген айылдын тушунда тартылган.

Украин президентинин кеңешчиси Михаил Подоляк аталган видеого комментарий берип, эгер алар куралдуу күчтөрдүн «укуктан тыш болгон аракеттери» боюнча далилдерди алышса, анда украин аскерлери укук талаасына кайтарылат деп билдирди.

«Бирок дагы бир жолу белгилейм, Орусия зөөкүрлүгүн актоого аракет кылып жаткан фейктер өтө көп. Бир жагынан украин коомчулугу менен армиясынын эмоционалдык абалын түшүнүп турам. Негизи алардын орус аскерлерине карата максималдуу катаал аракеттерин дал ошол эмоционалдык абал менен түшүндүрсө болот деп эсептейм», — деди Подоляк журналисттерге курган маегинде.

Украинанын премьер-министри Денис Шмыгаль Европа өлкөлөрүн орус мунай жана газын сатып алуудан баш тартууга чакырды. Бул тууралуу ал BBC басылмасына курган маегинде айтты.

Анын айтымында, бул чийки затты сатуудан түшкөн каражатты Орусия «украиналыктарды өлтүрүү үчүн курал-жарак сатып алууга» жумшап жатат.