«Коррупция иши». «Eurolab» лабораториясынын башчысы 29-майга чейин камакка алынды

«Eurolab» жеке медициналык лабораториянын жетекчиси Сохраб Ярахмедов 29-майга чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Маалыматты «Клооптун» кабарчысына Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы тастыктады.

Соттун маалыматына ылайык, Ярахмедовдун баш коргоо чарасы 6-апрелде каралган.

Ярахмедовдун кармалышы

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен билдиришкендей, Сохраб Ярахмедов 6-апрелде кармалган.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, элге кызмат көрсөтүп жаткан «Eurolab» жеке лабораториясында мыйзамсыз ишмердүүлүк аныкталган.

«Аталган компания саламаттыкты сактоо уюмдарында биоматериалдарды кабыл алуу пункттарын жайгаштыруу боюнча артыкчылыктуу укуктарды алуу максатында медициналык мекемелердин жетекчилерине жогоруда аталган лабораторияда гана лабораториялык изилдөөлөрдү базар баасында жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн акча каражатын системалуу түрдө берип турганы аныкталган», — деп билдиришти комитеттен.

УКМКдан кабарлашкандай, компаниянын кеңсесинде тинтүү жүргүзүлүп, каржылык документтер, анын ичинде «кош» бухгалтерия алынган. Алардын маалыматында, бул компания маркетингдин мыйзамсыз ыкмаларын жана өз кызыкчылыктарын илгерилетүү үчүн медициналык кызматкерлерге накталай акча каражатын төлөөнү колдонгонун тастыктайт.

«Жогорудагы мыйзамсыз аракеттер өлкөнүн бюджетине салыктарды төлөөдөн качуу фактыларын да күбөлөндүрүп, ошондой эле көрсөтүлгөн кызматтардын баасын негизсиз жогорулатууга алып келген», — деп айтышты комитеттен.

Тергөө мамлекетке келтирилген зыяндын так суммасын аныктап жатат.