Кыргыз-казак чек арасында 24 кг баңгизат ташыган киши кармалды

Сүрөт: Баткен ОИИБи

Кыргыз-казак чек арасындагы «Кең-Булуң — Автодорожный» өткөрмө пунктунда Казакстан аркылуу Орусияга 24 кг баңгизат алып чыгууну көздөгөн киши кармалды. Бул тууралуу УКМКнын чек ара кызматы 9-апрелде кабарлады.

Ал эми Баткен ОИИБден шектүү Лейлек районунун 38 жаштагы тургуну болгонун кабарлашты. Баңгизаттар шектүү башкарган DAF XF510 үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унааны текшерүү учурунда табылган.

Баткендин милициясы «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо» беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

Буга чейин Баткен ОИИБдин кызматкерлери Тажикстандан аткезчилик жол менен 30 кг баңгизат алып чыгып, Кадамжай районунда таратууну көздөгөн үч кишини кармаган. Шектүүлөрдүн экөө милиция кызматкери болушкан.

ЖМКлардын маалыматына караганда, кармалгандардын бири Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ош облусу боюнча жетекчиси.