Муса Жаманбаев Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси болуп дайындалды

Муса Жаманбаев

Өлкө башчы Садыр Жапаров 8-апрелде Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси кылып Муса Жаманбаевди дайындады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жаманбаевге чейин бул кызматты 2018-жылдан тарта Ибрагим Жунусов аркалаган. Ал 2021-жылдын декабрь айында кызматынан бошотулган.

43 жаштагы Жаманбаев Чүй облусунун Аламүдүн районунда туулган. Ал 2000-жылы Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин «Чыгыш таануу жана эл аралык экономикалык мамилелер» адистигин аяктаган.

Жаманбаев 2000-2003-жылдары Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик протокол кызматында катчы-референт, кийинчерээк атташе болгон.

Ал эми 2003-2010-жылдары Жаманбаев премьер-министрдин аппаратынын протокол кызматында жетекчилик кызматтарды ээлеген. Апрель революциясынан кийин Жаманбаев Убактылуу өкмөттүн аппаратында эл аралык байланыш бөлүмүндө эксперт болгон.

Кийинчерээк, 2011-жылы ал Жогорку Кеңештин эл аралык байланыш жана протокол бөлүмүнүн жетекчи орун басары болгон. Ал эми 2017-жылы Жаманбаев президенттик аппараттын протокол кызматында иштеген.