Ибрагим Жунусов Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси кызматынан бошотулду

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусовду кызматынан бошотту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Ибрагим Жунусов бул кызматка 2018-жылдын декабрынын башында дайындалып, бул кызматта 3 жыл болду. Буга чейин дагы төрт жыл Түркияда элчи болгон — 2016-жылы орус элчиси Андрей Карловдун киши колдуу болушуна күбө болгон.

Ибрагим Жунусов деген ким?

Ибрагим Жунусов — Кыргызстандын эл артисти жана композитору. Коомчулукта өз чыгармалчылыгы менен белгилүү. Кийин саясатта жана элчилик кызматта карьера куруп кеткен. Мурда вице-премьер-министр, маданият жана туризм министри жана Жогорку Кеңештин IV жана V чакырылыштарынын депутаты болгон. Экинчи даражадагы мамлекеттик кызматтын кеңешчиси чининин ээси.

Ибрагим Жунусов 2020-жылдагы парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмесинде үчүнчү болуп турган.

Президенттин администрациясы азырынча Жунусовдун ордуна Өзбекстанга ким элчи болуп барарын билдире элек. Бирок 2021-жылы августта Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилик кызматына парламенттин мурдагы депутаты Фархат Иминов барары айтылган. Анын талапкерлигин парламенттин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети жактырган. Ал алтынчы чакырылыштын депутаты болуп, 2018-жылдын 1-мартында мандатын тапшырган.