УКМК депутаттар Исмаилов менен Алимжановду жасалма диплом алууга шектеп жатат

Фарходбек Алимжанов / Фархат Исмаилов

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жогорку Кеңештин депутаттары Фархат Исмаилов жана Фарходбек Алимжановду «жасалма диплом алууга» шектеп жатат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы 8-апрелде билдирди.

УКМК аталган эки депутат тууралуу маалыматты Боршайкомго өткөрүп берди. Ал эми БШК бул материалдарды карап чыккандан кийин аларды мандаттан ажыратуу маселесин карап чыгат.

Буга чейин атайын кызмат парламенттин үч депутаты жасалма диплом колдонууга шектелгенин билдирген.

Фархат Исмаилов «Ата-Журт Кыргызстан», ал эми Фарходбек Алимжанов «Альянс» фракцияларынын депутаттары. Экөө тең дипломдору жасалма экенин четке кагышууда.

Исмаилов «Азаттыкка» курган маегинде тергөө адашып калышы мүмкүндүгүн айтып, «меники баары жайында» деп билдирди. Алимжанов Фейсбук барагында БШК тараткан маалымат «чындыкка дал келбейт» деп жазды.

Шайлоо мыйзамына ылайык, жашы 25тен өйдө, жогорку билим бар адам Жогорку Кеңештин депутаты боло алат.

УКМК президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен бардык деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлердин дипломдорун жана алардын кош жарандыгы бар-жогун текшерип баштаган. Текшерүү үстүбүздөгү жылдын 24-январында башталган жана үч айга созулат.

Алгачкы текшерүүдө атайын кызмат «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаты Орозайым Нарматова «жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алган» деп аныктаган. Мындан улам БШК Нарматованы депутаттык мандатынан ажыраткан.

Нарматова өзү «мандатын мыйзамсыз тартып алышканын, сот адилеттигине ишенбегендиктен БШКнын чечими боюнча сотко кайрылбай турганын» белгилеген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Орозайым Нарматова: Келерки беш жылда дагы бир дипломдуу болуп кайтып келем

Министр, депутат жана мэрлер. УКМК жасалма дипломдорду колдонууга кимдер шектелип жатканын айтты

«Жасалма дипломдор»: УКМК өлкө боюнча 20дан ашык универститетти текшерип жатат