Кыргызстанда үч шаардын жана 13 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо өтүп жатат

10-апрелде Кыргызстандын үч шаарында жана 13 айылында жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо кимиссиясы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй өрөөнүнүн бир катар айылдарында, ошондой эле Таш-Көмүр, Токтогул, Кара-Балта шаарларында жергиликтүү кеңештин депутаттары шайланат.

Шайлоого жалпы 1 318 талапкер ат салышууда, ал эми мандаттардын саны — 336.

Үч шаардык кеңешке 13 партиядан 827 талапкер катталган. Алардын 93нө мандат берилет. Ал эми 13 айылдан катталган 491 талапкердин 243ү мандат алат. 96 мандат аял депутаттарга тийиши керек.

Жергиликтүү депутаттарды шайлоо үчүн жалпы 84 участогу ачылды.

Жалпысынан үч шаарда шайлоого 68 848 шайлоочу катталса, ал эми 13 айылдык кеңешинен 59 2012 шайлоочу катталды.