Апта ичинде коронавирустан бир дагы өлүм учуру катталган жок

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда 5-11-апрель аралыгында COVID-19 менен ооругандардын арасында бир да өлүм учуру катталбаганын билдирди.

Пандемия башталгандан бери жалпысынан, министрликтин маалыматы боюнча, мурда коронавирус илдети аныкталгандардын арасында 2 991 адам каза болгон.

Ошондой эле, өткөн аптада Кыргызстанда коронавирустун эки гана учуру катталган. Пандемия башталгандан бери өлкө боюнча COVID-19 жуктуруунун жалпы 200 970 учуру аныкталган.

Өткөн аптада ооруканалардан жана стационарлардан 55 бейтап айыгып чыгарылган. Ал эми пандемия учурунда жалпы 196 303 бейтап айыкты.