Бекешев: «Экспресс-строй КГ» фирмасы Бишкекте мектептерди тендер өткөрбөй курат

Бишкекте «Экспресс-строй КГ» ЖЧКсы билим берүү мекемелерин тендер өткөрбөй курат. Бул тууралуу парламент депутаты Дастан Бекешев Фейсбук барагында билдирди.

Анын пикиринде, «минкаб ар кандай көмүскө кутум тууралуу ойлор менен божомолдорду болтурбаш үчүн компания кайсы эмгеги үчүн мындай укукка ээ болгонун айтып бериши керек».

«Бул артында эч кандай тарыхы жок эмне болгон компания? Ал түгүл жетекчиси тууралуу да маалыматтар аз экен. Эгер мындай укукту компаниянын жабык тартибинин негизинде берип жатышса, анда компаниянын жана жетекчилигинин аброю тууралуу айтып бериш керек да. Атантаев Эрмек Эдуардович деген түшүнүсүз эле бирөө “сулуу көздөрү” үчүн бюджеттен мындай сындырым “нанды” ала албаса керек», — деп ачууланды депутат.

Бишкек мэриясынан жана минкабдан «Клоопко» маалыматты тактап, кийинчерек комментарий берүүнү убадалашты.

Оsoo.kg сайтынын маалыматына ылайык, «Экспресс-строй КГ» компаниясынын директору болуп Эрмек Атантаев эсептелет. Компания турак жайларды жана башка имараттарды курат.

Бишкек шаардык мэриясы 2022-жылы калаада 15 мектептин, ошондой эле пайдалануудагы мектептердин окуу корпустарынын курулушун аяктап пайдаланууга берүү пландалып жатканын билдирген болчу.

Мэриядан бул президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен республикалык бюджеттин эсебинен ишке ашырылат деп айтышкан.

Кыргызстандагы мектептер

Кыргызстанда мектептердин жетишсиздиги курч маселе. Өлкө боюнча 204 мектеп же ар бир онунчу мектеп авариялык абалда. Мындай мектептерде балдар күн сайын өз өмүрлөрүн тобокелге салып окушат.

2011-жылы Билим берүү жана илим министрлиги ЮНИСЕФ менен бирге мектептерди жалпы улуттук баалоодон өткөрүп, Кыргызстанда мектептердин 80%дан ашыгы коопсуз эмес деген жыйынтыкка келген.

Арадан он жыл өткөн соң «Клооптун» журналисттери иликтөө жасап, бул аралыкта эч нерсе өзгөрбөгөнүнө күбө болушкан. Журналисттер өлкөдөгү 2 миң мектептин 200ү авариялык абалда, дагы 400ү капиталдык оңдоого муктаж экенин, калгандарынын басымдуу бөлүгүндө таза суусу, борбордук жылытуу жайы жана дааратканасы жок иштеп жатканын аныкташкан.