Казакстандын чек арасынан өтүү үчүн эмне керек?

Казакстан 11-апрелден тарта кургактагы өткөрмө пункттары аркылуу кыргыз-казак чек арасынан өтүүгө койгон чектөөлөрүн алды. Чектөөлөр коронавирус пандемиясынан улам 2020-жылы киргизилген болчу.

Кыргызстандын Чек ара кызматынан эми кыргызстандыктар коңшу өлкөгө бир нече көзөмөл өткөрмө бекети аркылуу бара аларын айтышты:

  • «Чалдыбар — автожол»;
  • «Ак-Жол — автожол;
  • «Кең-Булуң — атожол»;
  • «Токмок — автожол».

Жүксүз жеңил унаалар үчүн «Кең-Булуң — автожол» көзөмөл өткөрмө бекети иштейт.

«Чек араны кесип өтүүдө Кыргызстандын жана башка өлкөлөрдүн жарандары акыркы 72 саттын ичинде тапшырылган ПЧР-тесттин жыйынтыгын же алты айдан кем эмес убакыттын ичинде вакцина алганы жөнүндөгү сертификатты көрсөтүшү керек», — деп кабарлашты Чек ара кызматынан.

Басма сөз кызматтан кошумчалашкандай, Казакстан аркылуу Орусияга кирүүнү каалаган кыргызстандыктар маалыматты орус элчилигинен такташы керек.

Казакстан менен жабык чек аралар

Кыргызстан менен Казакстандын кургактыктагы чек аралары 2020-жылы коронавирустун пандемиясынан улам жабылган. 2022-жылдын мартында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен эки жыл дегенде белгилүү бир чектөөлөр гана алынганын билдиришкен.

Кургактагы чек араларды ачуу маселеси бир нече жолу көтөрүлгөн. 2021-жылдын ноябрында маселени минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен талкуулаган.

Казакстан 2022-жылдын 6-апрелинде Кыргызстан, Өзбекстан жана Орусия менен кургактагы чек ара бекеттеринен кесип өтүүгө койгон чектөөлөрүн алганын маалымдаган.