Бишкекте курулуштун дубалы урап турак үйдү басып калган иш боюнча эки прораб кармалды

Бишкекте жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу курулуштун дубалы урап, жанындагы үйдү басып калган иш боюнча эки прораб кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

«Курулушта прораб болуп иштеген 56 жана 60 жаштагы эки киши Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди», – деп билдиришти милициядан.

Ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, «Тоо-кен, курулуш же башка жумуштарда коопсуздук эрежелерин бузуу» беренеси менен кылмыш иши козголду. Тергөө иштери уланууда.

Бишкекте 26-март күнү Жаш Гаврдия бульварында курулуп жаткан көп кабаттуу имараттын дубалы урап, коңшу үйдүн чатырын басып калган.

ӨКМден «Клоопко» кырсыктан 1958-жылы туулган аял жабыркаганын билдиришти. Ага жеринде медициналык жардам көрсөтүлгөн, бирок жабырлануучу ооруканага баруудан баш тарткан.

Имаратты «КейДжи Восток Сервис» ЖЧКсы куруп жатканы белгилүү, анын негиздөөчүсү Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу.

Бирок курулуш компаниясынын өкүлү Багыш Жарматов Коргонбай уулу парламент депутаты болгондон баштап курулуш компаниясынын иштерине аралашпайт деп билдирген.