Бишкекте украиналыктарга чогултулган гумжардамдын биринчи партиясы даяр болду

Бишкекте жарандар украиналыктарга делген гумжардамдын биринчи партиясын чогултуп жөнөтүүгө даярдашты. Бул тууралуу «Помогать легко» коомдук фондунун негиздөөчүсү Динара Аляева өзүнүн Фейсбук барагында билдирди.

Ал Бишкекте жарандар бир аптанын ичинде 240 чамалуу жууркан, уктоочу кап, кургатылган мөмө-жемиш салынган кутуларды жана башка көптөгөн буюмдарды алып келгенин көрсөттү.

«Биздин кыргыз балы, балдар жалаягы, таттуулар, консервалар, жылуу жууркандар, уктоочу каптар салынган ар бир баштыкты жана кутуну чын жүрөгү менен таңгактаган ар бириңиздерге рахмат айтам. Ушундай сонун адамдардын арасында жашайм. Силер өзгөчөсүңөр!» — деп айтылат Аляеванын билдирүүсүндө.

Кийинчерээк ал «Клоопко» гуманитардык жардам чогултуу уланып жатканын билдирди. Аляева ошондой эле жарандар консерваларды, ун, макарон, күрүч жана кийим-кече алып келишкенин, бирок аларды кийинки партия менен жиберишерин белгиледи.

Украинага гуманитардык жардам жөнөтүүнү активист Динара Эркимбаева уюштурган. Ал «Клоопко» чогулган жууркандар басырылган соң кампага жөнөтүлөрүн, андан соң Варшавадан Украинага чейинки логистиканы иштеп чыгуу керектигин айткан.

Эркимбаева ошондой эле Сосновкадагы балдар үйүнүн кызматкерлери гуманитардык жардам катары 50 жүн жууркан тигип беришкенин белгиледи. Кичинчерээк алар бир нече активисттер менен кайрымдуу адамдардан чогулган каражатка уктоочу каптарды тигишкен.

«Биздин жардам көз жаздымында калбайт деп ишенебиз. Бул жардам аскерлерге жана аймакты коргоп жаткандарга анчалык зарыл эмес болушу мүмкүн, бирок жай тургундарга сөзсүз керек болот […] Менин оюмча бул жууркандар аларды жылытат жана бүткүл дүйнө терең кайгырып жана жардам берүүгө кол сунганын сездирет», — деди активист.

Бишкекте украиналыктар үчүн гуманитардык жардам чогултуу демилгеси 4-апрелде айтылган.

Анда Аляева украиналыктарга уктоочу каптар, карематтар (кичинекей килемчелер), жылуу журкан жана көпкө сакталуучу азык-түлүк керектигин белгилеген.

«Кол кууштуруп отурууга мындан ары чыдам калбады. Кандай гана согуш болбосун, ал эч бир жазыксыз адамдардын өмүрүн алат. Азыр Украинада болуп жаткан окуяларды окуп, көрүү — мүмкүн болбой калды. [...] Келиңиздер гуманитардык жардам чогултуп, биздин эрксиз өкмөткө (минкабга) адам болуу кандай экенин көрсөтөбүз!» — деген Аляева.