Бишкекте украиналыктарга гуманитардык жардам чогултула баштады

Бишкекте украиналыктарга гуманитардык жардам чогултула баштады. Бул тууралуу «Помогать легко» коомдук фондунун негиздөөчүсү Динара Аляева Фейсбук барагында кабарлады.

Ал украиналыктарга уктоочу каптар, карематтар (кичинекей килемчелер), жылуу журкан жана көпкө сакталуучу азык-түлүк керектигин белгиледи.

«Кол кууштуруп отурууга мындан ары чыдам калбады. Кандай гана согуш болбосун, ал эч бир жазыксыз адамдардын өмүрүн алат. Азыр Украинада болуп жаткан окуяларды окуп, көрүү — мүмкүн болбой калды. [...] Келиңиздер гуманитардык жардам чогултуп, биздин эрксиз өкмөткө (минкабга) адам болуу кандай экенин көрсөтөбүз!» — деп жазды Аляева.

Аманатты Жаш Гвардия 71а дарегиндеги Биринчи балдар хосписинин короосунда калтырып кетсе болот. Суроолор боюнча 0556400400 номуруна кайрылуу керек.

Мындан тышкары, Аляева хоспистин медайымдары жумушуна байланыштуу гуманитардык жардамдарды кабыл ала алышпасын, андыктан алардын тынчын албоону суранды.

Орусиянын Украинага толук алкакта кол салуусу токтойт эле. Ал 24-февралда башталган .

БУУнун акыркы маалыматына ылайык, 2-апрелге карата Украинада кеминде 1417 жай тургун каза тапкан, алардын ичинен 121и балдар, 2038 киши жарадар болгон. Уюм чыныгы жоготуулар алда канча көп деп эсептейт.

Тема боюнча окуңуз:  Украина Бучада ондогон жай тургун өлтүрүлгөнүн билдирди, Орусия аны «чагым» жана «жасалма» деп атады