Бишкекте менчикке мыйзамсыз берилген муниципалдык жер мамлекетке кайтарылды

«Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бишкектеги филиалынын кызматкерлери 15 млн 676 миң сомго бааланган муниципалдык жер тилкесин жеке менчикке мыйзамсыз каттагандыгы аныкталды.

Башкы прокутаруранын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, мекемесинин жооптуу адамдары кызмат абалын пайдаланып, жер тилкесине соттук чектөө бар болгонуна карабастан мыйзамсыз сатуу жана сатып алуу келишимдерди катташкан.

«Алар мыйзамсыз аракеттерин жашыруу максатында, эч кандай укук аныктоочу документтердин жоктугуна карабастан, муниципалдык менчиктеги турган жер тилкесине жеке менчик жөнүндө мамлекеттик акт даярдашкан», — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Бишкек шаардык прокуратурасы «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси менен иш козгоп, тегөө иштеринин жүрүшүндө жер тилке мамлекетке кайтарылган.

Буга чейин Ош облусунун Кара-Суу районунда жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткен 127 гектар айыл чарба багытындагы жер мамлекетке кайтарылган болчу.

Маалыматка ылайык, Шарк айыл аймагынын Ачы массивиндеги мамлекетке караштуу жер 2016-жылы «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын жоопту кызматкерлери тарабынан жеке менчикке чыгарылган. Жердин жалпы наркы 320 миллион сомду түзгөн.