Кыргызстанда Кадыр түн 28-апрелге караган түнү белгиленет

Иллюстративдик сүрөт/Azattyk

Быйыл Кадыр түн 27-апрелден 28-апрелге караган түнү белгиленет. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Орозонун 27-күнүнө караган түнү белгиленген Кадыр түндө мусулмандар таң атканга чейин ибадат кылышат.

Орозо айы 2-апрелде башталган. Бул жылы садака-фитирдин минималдуу өлчөмү 56 сомду же 1,6 килограмм буудайды түздү.

Мүмкүнчүлүккө жараша садака-фитирди 1,6 килограммдан мейиз, ун жана 3,2 килограммдан арпа, курма же алардын акчалай эквивалентин берсе болот.

Мусулмандар ыйык тутуп күткөн ай 1-майда жыйынтыкталат. Андан соң Орозо айт майрамы белгиленет.