Энергетика минстрлиги: Өлкө электр энергиясын быйыл да коңшу мамлекеттерден импорттойт

Кыргызстан Токтогул суу сактагычындагы сууну үнөмдөө максатында электр энергиясын быйыл да коңшу өлкөлөрдөн алууну улантат. Бул тууралуу 15-апрелде «Ата Журт Кыргызстан» фракциясынын парламенттик жыйынында энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев билдирди.

Ал 2021-2022-жылдары энергетикалык каатчылыктан улам электр энергиясы Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандан импорттолгонун белгиледи. Анын айтымында, мындай чаралар көрүлбөгөндө суу сактагычтагы суунун деңгээли кооптуу чекке жетип, ГЭС электр энергиясын иштеп чыга албай калмак.

«Быйыл дагы ушундай иш-аракеттер токтобойт. Биз сууну үнөмдөө боюнча ишти алып барып жатабыз. Быйыл дагы импорттоо боюнча маселелердин бардыгы чечилген. Негизинен импорт быйыл Түркмөнстандан болот», — деди Тилек Айталиев.

Айталиев Бишкек ЖЭБдин кубаттуулугугун көлөмү да жогорулаганын кошумчалады. Чиновник белгилегендей, ЖЭБ кышкысын 360 мегаваттка чейинки кубаттулукта иштеп келгенин, ал эми 2021-жылы 450 мегаватт электр энергиясын иштеп чыккан.

«Жылда 1,3-1,5 миллиардга чейин, эң көп болгондо 1,5 млрд кВт/саатка чейин өндүрүп келген. Былтыр кышта 2,1 млрд кВт/саатка чейин өндүрдү. Мунун негизги максаты [Токтогул суу сактагычында] сууну үнөмдөө болуп эсептелген», — деди ал.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Токтогул суу сактагычында сууну көлөмү 8,1 миллиард метр кубду түзөт.

«Өткөн жылы күзүндө Токтогул суу сактагычында суунун көлөмүнө байланыштуу кооптонуу болгон. Өткөн жылдын ушул эле мезгили менен салыштырмалуу айырма 2,9 млрд метр кубду түзгөн. Учурда ал 0,4 млрд метр кубга чейин кыскартылды. Бул энергетикалык тармактын жалпы ишин оптимизациялоонун жардамы менен мүмкүн болду», — деди Айталиев.

Айталиев бүгүнкү күндө өлкөдө туруктуу өчүрүүлөр жоктугун жана абал туруктуу экенин кошумчалады.


Тема боюнча окуңуз: Свет же нан. Кыргызстанда электр жарыгы тартыш, бирок элдин аны сатып алганга акчасы жок