«Тазалыктын» кызматкерлеринин бир бөлүгү иш таштады

15-апрелде Бишкекте «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин бир бөлүгү маяна кечиктирилип, унааларды оңдоо маселесинде каржылык көйгөйлөр чыгып жаткандыктан иш ташташты.

Кызматкерлердин бири «Апрель» телеканалына курган маегинде ишкананын жетекчилиги тынымсыз алмашып, тажрыйбасы жок кадрлар келип жатканын айтты.

«Башкармалыктын ири суммадагы карызы бар, ошондуктан тетиктерди алууга тендер өткөрүлгөндөн кийин жеткирип берүүчүлөр карызды төлөп бүткөнгө чейин тетиктерди берүүдөн баш тартып жатышат», — деп айтып берген кызматкерлердин бири.

Так эле ушундай эле маалыматты «Тазалыктын» дагы бир кызматкери Kaktus.Media’га курган маегинде айтып берген. Анын айтымында, тетиктердин жетишсиздигинен каттамга унаалар аз чыгып, ашыкча иштеп жатышат.

«Же айлык убагында берилбейт, запчастыбыз жок, ушундай проблема болуп калды да. Ошон үчүн биз азыр, бүгүнкү күндө эски директорубузду кайтарып келгиле деп атабыз. [...] Мэр 5-мартта келди эле, келгенде айтканбыз, ушундай көйгөй деп, ал “ии” деп коюп жок. Акча жок, финансы жагынан, мына машинанын баары токтоп калды», — деди ал.

Бишкек мэриясынан «Апрелдин» журналисттерине муниципалитеттеги иш таштоодон кабардар экенин, абалды көзөмөлгө алып, иш таштагандар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышканын билдиришти.

Ал арада ишкананын өзүндө вице-мэр Жамалбек Ырсалиев менен «Тазалыктын» кызматкерлеринин ортосунда чыр чыкты.

Ырсалиев «Тазалыктын» кызматкерлерине калаа мэриясы ишкананын жетекчиси Азат Сагыновду кызматынан бошотконун билдирди. Анын айтымында, Сагынов үстүнөн арыздар келип түшкөндүктөн кызматтан алынган.

Ишкананын жаңы директору болуп Султан Алыбаев дайындалган, ал буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде иштеген.

Ырсалиевдин айтымында, Алыбаев 14-апрелде дайындалган. Алыбаев өзү директордун милдеттерин аткара албаса, кызматтан кете турганын айтты.