Чек ара чырына байланыштуу «Тынчтыкка каршы кылмыш» беренеси менен иш козголду

Баткен облусу, Көк-Таш айылы. Сүрөт: Тойчубек Боронбаев/Kloop

Башкы прокуратура 12-апрелдеги кыргыз-тажик чек арасындагы чырга байланыштуу «Тынчтыкка каршы кылмыш» беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

Прокуратурадан мекемелер аралык тергөө тобу түзүлгөнүн белгилешти.

12-апрелде кыргыз-тажик чек арасында кайрадан курал колдонуу менен чыр чыкты. Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик аскерлери токтоо талабына баш ийбей Кыргызстандын аймагына кирип кеткенден улам чыр чыкканын билдирген.

Ал эми Тажикстандын Чек ара кызматы окуя боюнча расмий маалымат бере элек.

Ок атышуу эки тараптын өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин токтоп, кошумча күчтөр жана каражаттар артка кайтарылды.

Чек ара жаңжалында кыргыз тараптан жалпысынан алты киши жабыркады — алардын бири аскер кызматкери. Ошондой эле Баткен жана Лейлек районунун 18 507 тургуну кырдаалга байланыштуу коопсуз жайга эвакуацияланып, 13-апрелде кайрадан үйлөрүнө кайтышты.

Ал эми тажик тараптан бир аскер жарадар болуп, кийинчерээк каза болгону айтылды.

Баткен: Чек ара чырында жалпы алты кыргызстандык жабыркады