Кыргызстандыктар 1-майдан 9-майга чейин катарынан эс алат

Кыргызстандыктар 1-майдан 9-майга чейин дем алышат. Мындай чечимди Министрлер кабинети кабыл алды.

Минкаб май айындагы дем алыш күндөрүн жылдыруу боюнча документти бекитти. Ага ылайык, 30-апрелде 4-майдын ордуна, 14-майда 6-майдын ордуна иш күндөрү болот.

Бул мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде беш күндүк иш графигинин негизинде эмгектенген кызматкерлерге тиешелүү.

Кыргызстанда 1-май (Эмгек күнү), 5-май (Конституция күнү) жана 9-май (Жеңиш күнү) дем алыш күндөрү деп эсептелет.

9-майда борбор калаада Жеңиш аянтында митинг-реквием өтөт. Митингге согуштун ветерандары, тыл эмгекчилери, тургундар жана борбор калаанын меймандары катышат.