Жалал-Абад: 39 тонналык күйүүчү май сакталган кампага түшүп кеткен эки киши куткарылды

Жалал-Абад шаарында 39 тонналык күйүүчү май сакталган кампага текшерүү жүргүзүү учурунда түшүп кеткен эки киши куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

45 жана 59 жаштагы кишилерди 15-апрель күнү саат кечки 20:00 чамасында беш куткаруучу кампадан алып чыккан. Алар күйүүчү май кампасынан чыгарылып, тез жардам кызматына өткөрүлүп берилген.

ӨКМден куткарылгандардын абалы туруктуу деп белгилешти.