Адахан Мадумаров жашыруун тыңшоого алынып жатканын айтып чыкты

Адахан Мадумаров.

«Бүтүн Кыргызстан» оппозициялык фракциясынын лидери Адахан Мадумаров 18-апрелде Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында «мыйзамсыз» тыңшоого кабылганын айтып чыкты. Бул тууралуу ал УКМКнын төрагасынын орун басары Рустам Мамасадыковго кайрылып жатып билдирди.

Ал орозо убагында ооз ачарга дайыма бир ресторанга барарын, ал жердеги кондиционерден тыңшоочу түзүлүш табылганын айтты. Мадумаров тыңшоочу аппарат экинчи жолу табылып жатканын белгиледи.

«Бул уят. Аппаратты менин чөнтөгүмө эле салып бергиле. Ушундай нерселерге катуу чара көрүлүшү керек. Мен эртең маалымат жыйын өткөрүп баарын көрсөтүп берейин дедим эле», — деди депутат УКМКнын өкүлүнө кайрылып.

Мадумаровго УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары Рустам Мамасадыков «бизге сиз жөнүндө ыкчам маалымат кызык эмес» деп жооп берди. Ал Мадумаровго бул боюнча ресторандын жетекчисине кайрылууну өтүндү.

«Биз сиз менен, деги эле башка адамдар менен мындай шугулданбайбыз. Бизге сиз боюнча ыкчам маалымат кызык эмес. Аны бизден эмес, ресторандын ээсинен, коопсуздук кызматынан сураңыз. Бизге арыз жазыңыз, тактайбыз», — деди ал.

Мамасадыков атайын кызмат тыңшоону соттун уруксаты менен гана жүргүзөрүн, мыйзамсыз тышоо үчүн жаза чаралары Жазык кодексинде каралганын кошумчалады.

Жарандарды санкциясы жок тыңшоо

Жогорку Кеңештин депутаттары 2-март күнү биринчи окууда улуттук коопсуздук органдары жөнүндөгү мыйзам долбоорун кабыл алышкан.

Долбоордогу «УКМК соттун уруксаты жок эле жарандарды тыңшап, аңдып жана соцтүйүндөрдөгү жазышууларын ачыктоого укук алат» деген ченеми жарандык коомдун тынчсыздануусун жараткан.

7-февралда Мадумаров бул долбоорду сынга алып, бирок кийинчерээк мыйзам долбоорунун концепциясын гана – документти жарандык коомдун өкүлдөрү менен тегерек столдо талкуулоо шарты менен кабыл алууга макул болгон.

Жыйынтыгында парламент комитети УКМКнын мыйзам долбоорунун концепциясын кабыл алган.

«Кыргызстандын улуттук коопсуздук органдары жөнүндөгү» мыйзам долбоору 2018-жылдан бери эле талкууланып келет. Бул документтин жаңы версиясы ачык булактарда жок, бирок долбоордун биринчи версиясы Юстиция министрлигинин сайтында жарыяланган.

Тема боюнча:

«Жарандарды санкциясы жок тыңшоо». Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды