«ЭлКат» жана Түркиянын Turk Telekom’у Анкарадан Бишкекке байланыш маршрутун ишке киргизет

Түркиянын Turk Telekom, Германиянын Telegraph 42 компаниясы менен Кыргызстандын «ЭлКат» байланыш оператору Анкарадан Бишкекке чейин байланыш маршрутун ишке киргизет. Маалыматты «ЭлКаттын» басма сөз кызматы тастыктады.

Компаниядан альтернативдүү байланыш маршрутун куруу жөнүндөгү меморандумга кол коюлганы тууралуу Capacity Middle East 2022* форумунун жыйынтыгында белгилүү болгонун билдиришти. Байланыш каналы Кыргызстан, Өзбекстан, Иран жана Ооганстандын аймактары аркылуу салынат.

*Capacity Middle East — жакынкы чыгыш аймагындагы байланыш операторлорунун ири жолугушуусу.

«ЭлКаттан» билдиришкендей, учурда долбоорду иштеп чыгуу баштапкы этапта турат, ал эми деталдары талкууланып жатат.

«Turk Telekom компаниясынын аткаруучу директору Умит Онал жаңы телекоммуникациялык жолду куруу түрк тилдүү өлкөлөр үчүн маданий жана экономикалык жактан маанл экенин белгиледи», — деп айтылат «ЭлКаттын» билдирүүсүндө.

Оналдын айтымында, «долбоор аймакта ишенимдүү жана үзгүлтүксүз кызмат көрсөтүүнү камсыздоого тийиш».

«ЭлКат» тууралуу эмне белгилүү?

«ЭлКат» компаниясы Юстиция министрлигинде 2006-жылы каттоодон өткөн. Аталган министрликтин маалыматына ылайык, компанияны Александр Дудин жетектейт. Андан тышкары, Дудин «Айкол-5» компаниясынын негиздөөчүсү катары да белгиленет.

Дудинден тышкары «ЭлКаттын» негиздөөчүлөрүнүн катарында Ким Владиславдын да көрсөтүлгөн, ал өз кезегинде курулуш менен алектенген «Амодеус» жана Travel Invest компанияларын жетектейт.