Маданият министрлиги Пишпектин биринчи мэри Терентьевдин үйүн оңдоп баштады

Бишкекте Пишпектин биринчи мэри Илья Терентьевдин үйүн реконструкциялап баштады. Бул тууралуу Маданият маалымат жана спорт министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маданият минстрлигинин мааылматына ылайык, үй турган жерге мурдараак ведомствонун башчысы Азамат Жаманкулов, «Кыргызреставрация» долбоорлоо институтунун жетекчиси Жумамедел Иманкулов жана «Дордой» ассоциациясынын өкүлдөрү барган.

Иманкулов 24.kg’нин кабарчысына оңдоо иштеринин жүрүшүндө кыш менен тургузулган дубалдар бекемделип, андан соң учурда чыгарылган жыгач устундары кайрадан орнотулат деп айтты.

«Оңдоп-түзөө иштерин “Дордой” ассоцияациясы жүргүзүүдө, биздин адистер көзөмөлдөп жатат. Үйдү баштапкы абалына келтиргенге аракет кылабыз», — деди Иманкулов.

Терентьевдин үйүн реконструкциялоону бийлик акыркы жолу 2022-жылдын январында убадалаган. Ал убакта борбордук мэриядан оңдоп-түзөө иштери «Дордой» бирикмесинин эсебинен жүргүзүлөрүн билдиришкен. Ага болжолдуу 11 миллион сом жумшалары айтылган.

Анда ведомстводон имараттын реконструкцисы 2022-жылдын ноябрынын аягында бүткөрүлөт деп убада кылышкан. Пишпектин биринчи шайланган башчысы (мэри) Илья Терентьевдин шаар сыртындагы үйү болжолдуу 19-кылымдын аягында салынган. Үй Тарых жана маданият эстеликтеринин мамлекеттик тизмесине киргизилген.

Кароосуз калган имаратты калыбына келтирүү жана бийликтин убадалары

Акыркы 20 жылда үйдү калыбына келтирүү боюнча «Бишкекбашкыархитектура», Маданият министрлиги жана башка мамлекеттик органдар көтөргөн маселе ийгилик жаратпай келген. Маданият министрлигинен «Клоопко» Терентьевдин үйүн калыбына келтирүү боюнча долбоор мурда эле даяр болгонун, бирок баары каражаттын жоктугуна такалып атканын айтышкан.

Бийлик Терентьевдин каралбай калган үйүн калыбына келтирүү тууралуу маселени алыскы 2013-жылы дагы көтөргөн. Анда реставрация долбоорунун алкагында эстеликтин айланасындагы паркты калыбына келтирүү пландалган. Парктын аймагында балдар аянтчасы, кафе, фонтан, көлмө жана отургучтарды орнотуу убадасы берилген.

Бирок бийлик мындай долбоорго каражат таба албай койгон. Алардын айтымында, бюджеттен буга акча каралган эмес болчу.