Өткөн аптада коронавирус менен ооругандардын арасына өлүм учуру катталган жок

Иллюстративдик сүрөт.

Кыргызстанда 11-апрелден 18-апрелге чейин коронавирус менен ооругандардын арасында өлүм учуру катталган жок.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, пандемия башталгандан бери коронавирустан жалпы 2 991 адам каза болгон.

Бир жумада COVID-19 жуктуруунун 10 учуру катталды — илдет Бишкек шаарында алты жана Чүй облусунда төрт кишиден аныкталды.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 200 миң 980 адамга жетти.

Ошондой эле, акыркы жумада коронавирустан 21 бейтап айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери өлкө боюнча коронавирустан жалпы 196 миң 331 адам айыкты.

Ал эми 18-апрелге карата 27 бейтап ооруканада, 40 адам үй шартында дарыланып жатат.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.