Ак-Дөбө айылынын тургундары мыйзамсыз курулуштарга каршылыгын билдирип жол тосушту

Чүй облусунун Ак-Дөбө айылынын тургундары 19-апрель күнү саат 10:30да Ленинское айылындагы жолду тосуп алышты. Бул тууралуу «Клоопко» Чүй ОИИББнин басма сөз кызматы кабарлады.

Нааразычылыкка чыккандардын айтымында, алар бийликке шаардын таштанды полигонуна жакын аймактагы басып алынган жерлерди Аламүдүн районунун курамына киргизбөө талабын коюп жатышат.

«[Бийлик] шаардык таштанды полигонунун аймагындагы жаңы конушту мыйзамдаштырганы жатат. Бул жерде жашоого мүмкүн эмес болгондуктан аларды бизге көчүрүшөт деп айтып жатышат. Биздин Ак-Дөбө айыл өкмөтүнөн жер бөлүп берилет экен. Биз өзүбүз жылдап жер ала албай жүрөбүз. Алар болсо берек алышат. Айыл өкмөтүнө келип каттоого тургузгула деп суранып жүрүшөт», — деп акциянын катышуучуларынын бири 24.kg’ге айтып берди.

ОИИББден аталган дарекке милиционерлер барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн соң 15 мүнөттөн кийин жол ачылганын маалымдашты.

«Учурда милиция жеринде тартипке көз салып турат, ал эми президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү (Нурил Алымбаев) менен Аламүдүн районунун акими (Бактибек Анаркулов) жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат», — деп билдиришти облустук милициядан.

Соцтүйүндөрдө жергиликтүү тургундар менен милиция кызматкерлеринин ортосундагы кагылышуу тартылган видео да тарап жатат.

5-апрелде президент Садыр Жапаров «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндөгү» мыйзамга кол койгон. Ал мурда мыйзамсыз курулган жер участокторун мыйзамдаштыруунун тартиптери менен шарттарын аныктайт.

Парламент мыйзамдолбоорун 17-мартта кабыл алган.

Мыйзам долбоору эмне жөнүндө?

Долбоорду коомдук талкууга Айыл чарба министрлиги алып чыккан. Мыйзам долбоорунун максаты, мыйзамсыз турак-үйлөр салынып кеткен айыл чарба багытындагы жер тилкелерин жеке менчикке берүү маселесин чечүү болгон.

Маалымкат-негиздемеде мыйзам долбоорунун авторлору республика боюнча мыйзамсыз курулган участокторду мыйзамдаштыруу боюнча бир жолку акция өткөрүүнү сунушташканы айтылган:

  • жеке турак үйлөр менен өз алдынча курулган жерлер;
  • жерлерди башка котегорияга которуу тууралуу тийиштүү чечимдери которуу (трансформациялоо) жөнүндө же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же алардын укук мурастоочусу болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органдарынын тиешелүү чечимдери бар болгон жерлер;
  • айыл чарба өндүрүшүндө пайдаланууга жараксыз болгон жерлер;
  • жер үлүштөрүнө бөлүнгөн "айыл чарбачылык" максаттуу багыты менен жеке менчик укуктары жөнүндө мамлекеттик актысы бар жерлер;
  • багбанчылык-дача участоктору.

Алдын ала маалыматтарга караганда, жер мунапысы 100 000 жаранга тийиштүү болушу мүмкүн.

Башкы беттеги сүрөт: Кактус Медиа.