Украинадагы согуш: Львовго ракеталык сокку урулду, Донбасс үчүн салгылашуу башталды

Украинада орус аскерлеринин 24-февралда башталган толук масштабдагы кол салуусу уланууда.

Украинанын президенти Владимир Зеленский кайрылуу жасап, орус аскерлери 18-апрелде Донбасс үчүн салгылашуу баштаганын билдирди. Зеленскийдин айтымында, бул кармашка орус армиясынын басымдуу бөлүгү тартылды.

«Ал жакка орус аскерлерин канчалык айдашпасын, биз кармаша беребиз. Биз өзүбүздү коргойбуз. Биз Украинанын эч нерсесин бербейбиз, ал эми башка бирөөнүн эч нерсеси кереги жок. Биздин жоокерлерге, Донбасстын баатыр шаарларына, Мариуполго, ошондой эле туруштук берип жаткан Харьковдун шаарларына ыраазычылык билдирем», — деп жарыялады Зеленский.

Мындан тышкары, Украинанын Башкы штабынын маалыматына ылайык, Орусиянын армиясы Херсон жана Запорожск облустарына дагы басым жасашууда.

«Орусиянын негизги максаты Донецк жана Луганск облустарына жана буга чейин басып алынган аймактарга толук көзөмөл орнотуу болуп жатат. Аны менен катарлаш Мариуполду бутага алып жана аткылоо уланууда, ошондой эле Орусия башка шаарларга ракеталык сокку уруп жатат», — деп айтылат Башкы штабдын маалыматында.

Мындан тышкары, алардын маалыматына ылайык, Донецк, Луганск жана Хорьков облустарындагы фронттордун дээрлик баарында Украинанын куралдуу күчтөрүнүн коргонуусун бузуу аракети болгон.

Жабылган гуманитардык коридорлор

Украин бийлиги орус тарап эки күндөн бери Мариуполь шаарында гуманитардык коридор ачпай жатканын билдирди. Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещуктун айтымында, Мариуполдо кырдаал курчуп кеткендиктен коридор ачууну өтүнүшкөн.

«Биз Мариуполдон Бердянскка чейин жай тургундар үчүн гуманитардык коридор ачууну талап кылабыз. Ошондой эле, аялдар, балдар жана башка өлкөнүн жарандары өтүшү үчүн “Азовсталь” комбинатынын аймагы аркылуу өзүнчө коридор ачууну талап кылабыз», — деп жазды ал.

Верещук эгерде Орусия гуманитардык коридор ачпаса, бул катыштыгы бар бардык адамдарды аскерий кылмыштары үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга негиз болорун кошумчалады.

Мындан тышкары, Украинада колго түшкөн орусиячыл саясатчы Виктор Медведчук кайрылуу жасап, анда «гуманитардык коридор аркылуу коопсуз аймактарга чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүгү жок Мариуполдун тургундары менен, шаарды коргоп жаткан аскерлерге» өзүн алмашууну сунуштады.

Медведчуктун кайрылуусун Украинанын Коопсуздук кызматы Телеграм-каналы аркылуу таратты.

Медведчук Украинада жаратылыш ресурстарын уурдоо аракетине, ошондой эле Орусиянын атайын кызматтарына мамлекеттик сырды ачууга шектелип жатат. Ал 2021-жылы үй камагына чыгарылган, бирок «Интерфакс» басылмасынын маалыматына ылайык, согуш башталганда камактан качып кеткен.

Львовго карата чабуулдар

Орусиянын коргоо министрлиги орус аскерлери 18-апрелде украин армиясынын Львов шаарындагы тылды камсыздоо борборуна ракета менен чабуул койгонун жарыялады.

«Логистикалык борбор жана андагы Украинага акыркы 6 күндө АКШ жана европа өлкөлөрүнөн келип түшкөн ири өлчөмдөгү чет элдик курак-жарак жок кылынды. Андан тышкары, Киев облусунун Васильков аймагында ок-дары сакталган ири кампа жок кылынды», — деп билдирди ведомство.

Ал эми Львов шаарынын мэри Андрей Садовый Телеграм-каналы аркылуу Орусиянын ракеталык чабуулунан 11 жай тургун жабыркаганын билдирди.

Кийинчерээк аткылоодо жети адам каза болгону белгилүү болду. Аны менен катар, облустук администрациянын маалыматына караганда, ракеталардын бири дөңгөлөк алмаштыруучу жайга түшкөн.

Согуштун кесепетинен жабыркагандар

БУУ Орусия Украинанын аймагына бастырып киргенден бери согуштун кесепетинен 4 890 жай турган каза болгонун билдирди. Алардын ичинен 2072 адам киши колдуу болсо, алардын 169у жаш балдар; 2 818 киши жарадар болсо, алардын 272си жаш балдар.

Уюмдун маалыматына караганда, орус армиясы Украинанын аймагына бастырып киргенден бери өлкөдөн 4,9 миллионго чукул адам чыгып кеткен. Алардын басымдуу бөлүгү — 2,7 млн — Польшага кире качты. Украинанын жарандары Румынияга жана Венгрияга чыгып кетүүдө.