Бишкекте айдоочу жөө жүргүнчүнү коюп кете жаздап, андан соң аны тапанча менен коркутту

Бишкекте айдоочу жөө жүргүнчүнү коюп кете жаздап, кайым айтыштан кийин аны тапанча менен коркутту. Бул тууралуу Фейсбуктун Эртай Исаков аттуу колдонуучусу айтып чыкты.

«Телефонумду алып чыгып баарын камерага тарта баштаганда, ал аны колуман [телефонду] жулуп алып, барсеткасынан тапанча алып чыгып, октоп, бетиме такады», — деп айтып берди окуянын чоо-жайын жабырлануучу.

Бишкектин Ленин РИИБнен «Клоопко» окуя 14-апрелде болгонун билдиришти. Ошол күнү эле күнү милицияга бир киши арыз менен кайрылган. Ал «Тойота Форанер» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу аны коюп кете жаздаганын, андан соң экөөнүн ортосунда кайым айтыш чыкканын айтып берген. Окуя учурунда айдоочу унаадан тапанча алып чыгып, арыз жазганды адамды карай такаган.

Милициядан белгилешкендей, ошол эле күнү 40 жаштагы Ж.Э аттуу айдоочу Ленин РИИБнин тергөө кызматына алып келинген. Ал газтравматикалык тапанчасын, анын ичинде 6 огун кошуп укук коргоо органдарына өткөрүп берген.

«16-апрелде аталган факт боюнча кылмыштын курамы жок болгондуктан, кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечими кабыл алынган», — деп билдиришти РИИБден.