Баткенде аткаминер блогер-журналистти «муштаганы» боюнча териштирүү башталды

Ураимов жана Жолболдуеванын көгөрүп калган бети. 

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси Алихан Ураимов Лейлек районунун акимчилигинде блогер-журналист Батмакан Жолболдуевага кол көтөрдү. Блогер акимчиликте Жогорку Кеңештин эки фракциясынын көчмө жыйынына катышып, бир катар маселени көтөрүүнү каалаган.

Бирок Ураимов анын «расмий ЖМК өкүлү» эмес экенин айтып, ага тоскоолдук жаратты. Бул факт милицияга катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Эмне болду?

Жолболдубаева 5-февралда «Ишеним» жана «Ынтымак» фракцияларынын Лейлек районунун Исфана шаарындагы көчмө жыйынына катышуу үчүн барган. Бул учурда ал түз эфирде болгон.

Блогер-журналист жыйындар өтүүчү кабинетке киргенде обладминистрациянын аппарат жетекчиси Алихан Ураимов аны «расмий журналист эмессиң» деп чыгарып салган.

Ураимов жана Жолболдуева коридорго чыгып тартыша кетишкен. Андан соң аппарат жетекчиси блогерди чаап салган. Ал убакта түз эфир токтоп калган.

Кийинчерээк ал түз эфирди улантып, чиновник аны «урганын» жана «чачынан сүйрөгөнүн» айткан.

«Урду, телефонумду алып ыргытып жибергенинен сиздерге көрсөтө албай калдым», — деген ал.

Блогер ачууланып чиновниктен «эмне үчүн урганын» сураганда ал милиционерлерге аялды чыгаруп салууну буюрган. Кийинчерээк Ураимов блогерге «эшикке чыгып сүйлөшүүнү» сунуштаган.

Экөө чыгып баратканда жыйынга келген айрым депутаттар менен кезигип калышкан. Блогер аларга аппарат жетекчиси аны урганын айткан, бирок эч кимиси көңүл бурган эмес.

Жолболдуева чиновниктен бир нече жолу эмне үчүн урганын сураган. Ураимов блогерге «өзү да урганын» айтып жооп кайтарган.

«Мен элдин көйгөйүн айтам деп келип келтек жейминби? Эмнеге мени урдуңуз? Мен атайын Баткенден келдим, ызы-чуу кылбадым эле. Сен ургандан кийин ызы-чуу кылдым», — деген ал.

Имараттан сыртка чыккан соң Ураимов өзү кайра кирип, эшикти жаап алган. Ал эми Жолболдуева кеткенге аргасыз болгон.

Милиция териштирүүнү баштады

Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан «Клоопко» аталган факты боюнча милиция териштирүүнү баштаганын билдиришти. Ошондой эле тиешелүү соттук-медэкспертиза дайындалганын айтышты.

Ал эми Баткен облустук администрациясынын басма сөз кызматы бул окуя боюнча комментарий бере элек. «Клооптун» журналистинин телефон чалууларына басма сөз кызматтан жооп беришкен жок.

Жолболдуева ким?

Батмакан Жолболдуева «Элдик көзөмөл Батма-Бат» коомдук бирикмесинин жетекчиси. Ал YouTube’да 34 миңден ашуун катталуучусу бар «Батма-Бат» каналын иштетет.

Блогер аймактагы ашкана, дүкөндөрдүн тазалыгын, товарлардын мөөнөтүн текшерет. Текшерүү учурундагы видеолорду каналына жарыялайт.

Ошондой эле ал чек ара айылдарындагы элдин арыз-муңун жарыялап турат.

Мындан сырткары Жолболдуева апрелдин аягындагы чек ара жаңжалынан жабыркаган тургундарга ыктыярчы болуп жардам берип жүргөн.

«Ынтымак» жана «Ишеним» фракциялары 5-февралда Лейлек районунун Исфана шаарында көчмө жыйын өткөрүштү.
Активисттердин айтымында, жыйын жабык өткөн. Ошондой эле жыйынга катышып, арыз-муңун айтууну каалаган чек ара жаңжалынан жабыркаган тургундар киргизилген эмес.

Материалдын авторлору: Дилде Шатанова, Айбике Адилет кызы