Кыргыз-казак чек арасында кайрадан оор жүк унааларынын тыгыны жаралды

Кыргызчтандын чек ара кызматы 20-апрелде кыргыз-казак чек арасындагы төрт көзөмөл-өткөрмө жайында (КӨЖ) кайрадан оор жүк унаалардын тыгыны жаралганын маалымдады.

Алардын маалыматына ылайык, «Ак-Тилек — Автожол» КӨЖүндө 180 фура өтүш үчүн кезек күтүп турат. Ал эми «Чоң-Капка — Автожол» КӨЖүндө 60, «Чалдыбар — Автожол» пунктунда 35, ал эми «Кең-Булуң — Автожол» жайында 30 оор жүк унаасы тыгында турат.

Башкы пункттарды, Чек ара кызматы кошумчалагандай, чогулуп калган машиналар жок.

«Ак-Тилек — Автожол» жана «Чалдыбар — Автожол» көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде оор жүк унаалары чогулуп калганы 18-апрелде эле белгилүү болгон. Анда Кыргызстандын Чек ара кызматы чек арада фуралар казак тарап транспорт каражаттарын жай өткөрүп жаткандыктан чогулуп калганын билдирген.

Ал арада, чек арада оор жүк унаалары тыгында турган чакта, Кыргызстан менен Казакстандын өкүлдөрү фураларды чек ара аркылуу эркин өткөрүү боюнча чараларды көрүүнү макулдашышты. Бул тууралуу 20-апрелде Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы маалымдады.