Чек ара кызматы: Чек арада фуралар Казакстан жай өткөрүп жаткандыктан чогулуп калды

Кыргызстандын Чек ара кызматы 18-апрелде кыргыз-казак чек арасындагы эки көзөмөл-өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалар чогулуп калганын билдирди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы маалымдады.

Алардын маалыматына ылайык, «Ак-Тилек — Автожол» көзөмөл өткөрүү бекетинде 300дөй фура, «Чалдыбар — Автожолдо» 70тен ашык жүк ташуучу унаа тыгында турат.

«Өткөрмө пункттарында оор жүк унаалары казак тарап транспорт каражаттарын жай өткөрүп жаткандыктан чогулуп калды», — деп билдиришти чек ара кызматынан.

Мекемеден кошумчалашкандай, казак тарап траспортторду өткөрүүнү маал-маалы менен токтотуп жатат. Мындай көрүнүш 18-апрель күнү таңкы саат 03:30дан 07:30га чейин болгон.

Ошол эле кезде башка көзөмөл-өткөрүү пунктарында адамдардын жана транспорттордун топтолуусу жок. Чек ара кызматы кыргыз тараптан унааларды текшерүүдө эч кандай чектөөлөр жоктугун баса белгиледи.

Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалар топтолуп калып жатканы буга чейин да байкалган. Анда Жүк ташуучулар ассоциациясынын жетекчисинин орун басары Игорь Голубев, бул казак тараптын айынан болуп жатканын айткан.

Айрым айдоочулар көзөмөлдөн өтүү үчүн кезегин эки суткадан ашык күтүп, чек арадан кетпей тамактанып, ордуна калып түнөшкөн.