Бир кадр менен: Килем үстүндө айланып секирген Жоламан Шаршенбеков

Жоламан Шаршенбеков. Сүрөт: Бириккен күрөш дүйнөсү.

Бириккен күрөш дүйнөсү Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медаль тагынган кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбековдун килем үстүндө бир нече ирет айланып секирген сүрөтүн жарыялады.

«#WrestleUlaanbaatar Азия чемпионатынын экинчи күнү тартылган 10 мыкты сүрөт», – деп жазды уюм сүрөттүн алдына.

Бириккен күрөш дүйнөсү башка дагы балбандардын сүрөтүн жарыялады.

20-апрелде Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында кыргыз спортчусу Жоламан Шаршенбеков алтын медаль тагынды.

Грек-рим күрөшүнүн финалдык беттешинде Шаршенбеков 60 килограмм салмакта Ирандын балбаны Мехди Мохсен Нежадды 4:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип, алгачкы жолу Азия чемпиону аталды.

Жоламан Шаршенбеков. Сүрөт: Бириккен күрөш дүйнөсү.

Шаршенбеков финалга чейинки беттеште эки атаандашын утуп алган — алгач монгол балбаны Балжинням Севенравданды 8:0 эсебинде, жарым финалда казак балбаны Ернур Фидахметовду 6:1 эсебинде жеңген.

Жоламан Шаршенбеков буга чейин дагы эки жолу Азия чемпионатынын финалына жеткен.

Жоламан Шаршенбеков

Жоламан Шаршенбеков 23 жашта. Грек-рим күрөшү боюнча 2018 жана 2021-жылдагы Дүйнө чемпионатында күмүш байге алган.

Ал 2020-жылы Дүйнө кубогунун жеңүүчүсү болгон. 2019-жылы 23 жашка чейинкилер арасында Азия жана Дүйнө чемпионатында күмүш байге тагынган. 2016-жылы уландар арасында Азия жана Дүйнө чемпионатында 3-орунду, 2017-жылы жаштар арасында Азия жана Дүйнө чемпионатында 2-орунду ээлеген.

Күрөш боюнча Азия чемпионаты 19-апрелде Монголиянын Улан-Батор шаарында башталган, мелдеш 24-апрелде аяктайт. Ага Кыргызстандан жалпы 21 спортчу катышып жатат. Мелдештерде Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасы үч алтын, үч коло байгеге ээ болду.

Алтын медалды 63 килограмм салмакта Тынар Шаршенбеков, 77 килограмм салмакта Акжол Махмудов жана 60 килограмм салмакта Жоламан Шаршенбеков алса, коло байгени 130 килограмм салмакта Роман Ким, 72 килограмм салмакта Адилхан Нурланбеков жана 97 килограмм салмакта Үзүр Жусупбеков алды.

Тема боюнча:

Шаршенбеков менен Махмудов грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиону болду