Сокулук РИИБдин жетекчилеринин бири 20 миң сом пара алып жатканда кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Сокулук РИИБдин тергөө кызматынын башчысынын орун басарын 20 миң сом пара алып жатканда кармады.

Атайын кызматка «С.Г.» аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда райондук милициянын жетекчилеринин бири ага карата жүрүп жаткан сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн 50 миң сом талап кылганын айткан.

Маалыматка ылайык, арыз ээсине 2020-жылы жол кыймылынын жана транспорт каражатын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу фактысы менен иш козголгон. Бирок жабырлануучу «доосу жок экени тууралуу» билдирүү бергенине карабай, кармалган милиция кызматкери пара талап кылган.

Бул факты «Опузалап пара алуу» беренеси менен катталып, 19-апрелде «К.А.М.» аттуу шектүү Сокулук айылында акча алып жатканда кармалган. Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Апрелдин башында Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү 85 миң сом пара алып жатканда кармалган. Ал арыз ээсинен сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн 2 миң АКШ доллар өлчөмүндө пара талап кылган. Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Коррупциянын денгээлин изилдеген Transparency International эл аралык уюмунун маалыматына ылайык, Кыргызстан 2021-жылы жемкорлуктун деңгээли боюнча 27 упайга ээ болуп, 144-орунга чыккан. Бул көрсөткүч 2020-жылга салыштырмалуу 20 баскычка төмөн — мурдагы жылы Кыргызстан 31 упай менен 124-орунда болчу.

Тема боюнча:

«25 миң сом талап кылган». Бакай-Ата райондук сотунун судьясы пара алып жатканда кармалды

УКМК Биринчи май РИИБнин тергөөчүсүн пара алып жатканда кармады