«25 миң сом талап кылган». Бакай-Ата райондук сотунун судьясы пара алып жатканда кармалды

Талас облусунун Бакай-Ата райондук сотунун судьясы пара опузалоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы маалымдады.

Атайын кызмат билдирүүсүндө Т.Б.Ш аттуу судья айдоо жерлерин бөлүштүрүү боюнча каралып жаткан жарандык ишти оң жагына чечип берүүнү убадалап, жабырлануучудан 25 миң сом талап кылганын белгилейт.

Пара алып жатканда кармалган судья. Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы.

Аны менен катар, судья жабырлануучудан алгач беш миң сом, кийинчерээк сот отурумунун катчысы аркылуу 10 миң сом пара алганы аныкталганын кошумчалайт.

Ал эми 16-апрелде шектүү паранын калган бөлүгүн алып жаткан учурда кармалды. Факты «Опузалап пара алуу» беренеси менен катталып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Буга чейин апрелдин башында Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү 85 миң сом пара алып жатканда кармалган. Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Коррупциянын денгээлин изилдеген Transparency International эл аралык уюмунун маалыматына ылайык, Кыргызстан 2021-жылы жемкорлуктун деңгээли боюнча 27 упайга ээ болуп, 144-орунга чыккан. Бул көрсөткүч 2020-жылга салыштырмалуу 20 баскычка төмөн — мурдагы жылы Кыргызстан 31 упай менен 124-орунда болчу.

Тема боюнча:

УКМК Биринчи май РИИБнин тергөөчүсүн пара алып жатканда кармады

УКМК Чек ара кызматынын Баткендеги өкүлдөрүн пара опузалоого шектеп кармады