«Соцблокто көйгөй түгөндүбү?». Никитенко Байсаловдун соцтүйүндөгү активдүүлүгүн сынга алды

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Наталья Никитенко министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун өлкөдөгү социалдык-экономикалык көйгөйлөрдүн шартындагы риторикасын жана соцтүйүндөгү активдүүлүгүн сынга алды. Никитенко пикирин Фейсбук аркылуу айтып чыкты.

Никитенко Байсаловдун активдүүлүгүн эске ала турган болсок, ага президенттин жана минкабдын басма сөз кызматынын функциясын өткөрүп берип, ал эми эски кызматкерлерди кыскартып салса деле болчудай деген пикирде.

Экс-депутат иш тажрыйбасында социалдык блокту көзөмөлдөгөн бир нече вице-премьер менен тааныш болгонун белгиледи. Анын айтымында, бул тармакта жумуштун көлөмү абдан чоң жана дайыма убакыт жетишсиз.

«Алардын соцтүйүндө кайым айтышып отурмак тургай, түшкү тамакка да убактысы жок болчу. Сыягы, бизде социалдык жааттагы бардык көйгөйлөр чечилип бүткөн го? Балким саламаттык сактоо министрлиги күн алыс шоу уюштурганы да ошондонбу? Мүмкүн ошол себептен Соцфонд министрлер кабинети менен да кеңешпей пенсия реформасын сунуштап жаткандыр? Ал тургай, бул реформаларга Коргоо министрлиги да ачык эле сын айтып жатат. Пенсионерлер, жетим балдар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн абалы жакшырып кеттиби? Бардык маселе чечилип калдыбы? Эгер ошондой болсо, анда соцтүйүндөрдө отура берсин», — деп жазды Никитенко.

Мурдагы депутат Бишкекте атайы жаңы президенттик администрация курулуп жаткан «өлкөнүн бедел-баркы» тууралуу дагы өз оюн айтты.

«Өлкөнүн беделине келсек, бүгүн эле акчанын жоктугунан спортчулардын мелдештерге баруусуна тыюу салынганын окудум. Ал эми хан сарай салып жатабызбы? Эмне үчүн ири мелдештерге катышып, өлкөнүн желегин желбиреткен чемпиондор дүйнөгө биздин гимнди дагы бир жолу жаңыртуу үчүн демөөрчү издеши керек? А силер өлкөнүн аброю тууралуу сөз кыласыңар. Артыкчылыктарды аныктап алыш керек!» — деп эсептейт Наталья Никитенко.

Ошондой эле Никитенко, азыркы бийлик «өздөрүнө хансарай салардан мурда» Кыргызстандагы белгилүү мамлекеттик ишмер Исхак Раззаков менен Турдакун Усубалиев жасаган иштин жарымын жасаганга үлгүрөт деп үмүт кыларын белгилейт.

«Алар завод, фабрика, университет, оорукана, мектептерди курушкан. Ал эми, ошол кезде түптөлгөн материалдык база азыркыга чейин пайдаланылып, ачкөздү менен таланып-тонолуп келе жатат», — дейт ал.

Никитенко Байсаловду «хандык» салыштыруулары үчүн да сындады — ал Акылбек Жапаровду «башкы вазир» деп атап, Садыр Жапаровду болсо Пётр Iге салыштырып, ал эми алардын айланасындагыларды — «Садыр уясынын балапандары» деп атаган.

«Эң кызыгы, акыркы убакта монарх, хан, падышалар мисал катары айтылып келет. Анда, Кыргызстандагы заманбап, конституция менен бекитилген демократиялык жана укуктук режим эмнеге кабыл алынды? Фрейд боюнча жаңылыштык эмес да бул?» — деп жазды Никитенко.

Никитенко «Пётрдун уясынын балапандары» Орусиянын Санкт-Петербург шаарынын курулушундагы коррупциялык иштери менен таанымал экенин белгиледи.

«Ошол эле учурда Пётрдун “оң колу”, “башкы вазир” князь Маньшиковдун өмүрү жакырчылыкта, сүргүндө жүрүп аяктаган. Ал эми Астана жана анын сарайлары тууралуу айтсак, ушул жылдын январь айында казак эли бул иштерге так баасын берди. Ошондуктан, тарыхый салыштырууларда этият болууга чакырам, алар дайыма эле окшош боло бербейт», — деп баса белгиледи депутат.