Жапаров Илхам Алиев менен жолугуп, бизнеске Кыргызстанга инвестиция салууну сунуштады

Президент Садыр Жапаров 19-20-апрелде Азербайжанга расмий иш сапары менен барды. Бул тууралуу президенттик администрациядан кабарлашты.

Ал жактан Жапаров 20-апрелде Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен президенттик сарайда жолугушканын айтып беришти. Мамлекет башчылар тет-а-тет форматында, андан кийин кеңейтилген форматта соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестиция тармагындагы кызматташууну талкуулашкан.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен эки тараптуу 10 документке жана келишимдерге кол коюлду, алардын катарында Стратегиялык өнөктөштүк жөнүндөгү декларация бар.

«Сүйлөшүүлөрдөн кийин Жапаров Азербайжандын ири бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуп, аларды Кыргызстандын келечектүү долбоорлоруна инвестиция салууга чакырды», — деп кошумчалашты администрациядан.

Ал бизнесмендерге өлкөдөгү чакан жана орто ГЭСтерге, анын ичинде Камабар-Ата ГЭС-1ге инвестиция салууну сунуштады. Бул ГЭСти куруу үчүн инвесторлорду Вашингтонго барган минкабдын башчысы Акылбек Жапаров дагы издеп жатат.

Бакуга президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен барган. Алар ошондой эле Азербайжандын биринчи айымы, биринчи вице-президент Мехрибан Алиева менен да жолугушкан.

Тема боюнча: Акылбек Жапаров Камбар-Ата-1 ГЭСине инвестиция тартуу үчүн Вашингтонго кетти