Азия чемпионатындагы финалдык беттеште жаракат алган Тыныбекова элге кайрылуу жасады

Кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатынын финалдык беттешинде жаракат алганын билдирди.

«Бүгүн менин Азиянын бешинчи жолку чемпиону болууга мүмкүнчүлүгүм бар эле. Колумдан келген аракетти жасадым. Бирок, тилекке каршы, чечүүчү мүнөттөргө келгенде жаракат алып калдым. Профессионалдуу спортто мындай учурлар болуп турат», — деп жазды спортчу Инстаграм барагына.

Тыныбекова колдоп турган кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирип, элдин колдоосу ага «дем берерин» баса белгиледи.

«Менин эң негизги мотивация жана эргүү алуучу булагым — силерсиңер!», — деп жазды ал.

22-апрелде Тыныбекова Азия чемпионатынын финалдык беттешинде 62 килограмм салмакта жапониялык балбан Нонока Озаки менен күрөшүп, 9:1 эсебинде утулду.

Тыныбекова бутунан жаракат алганына байланыштуу беттеш мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Ал эми медаль тапшыруу аземине Тыныбекованын ордуна Айпери Медет кызы чыгып, күмүш байгени алды.

Буга чейин Азия чемпионатында кыргызстандык балбандар Жоламан Шаршенбеков менен анын бир тууган агасы Тынар Шаршенбеков жана Акжол Махмудов алтын медаль багындырышкан. Ал эми кыздар арасындагы күрөштө Айпери Медет кызы алтын медаль утса, Мээрим Жуманазарова күмүш медаль жеңген.

Айсулуу Тыныбекованын карьерасы

Айсулуу Тыныбекова. 

Айсулуу Тыныбекова эң биринчи жолу 2012-жылы Лондондо өткөн олимпиада оюндарында 13-орунду алган. 2013-жылы Универсиаданын коло медалын уткан.

Ал эми 2014-жылы Азия чемпионатында күмүш утса, Азия оюндарында коло байгенин ээси болгон. 2015-жылы кайрадан Азия чемпионатына катышып, күмүш медаль утуп, 2016-2017-жылдары катары менен Азия чемпиону болгон.

Ошондой эле, 2017-жылы Ислам тилектештик оюнунда алтын медаль утуп, ошол эле жылы Азия чемпионатында күмүш утса, Дүйнө чемпионатында коло медаль уткан.

Тыныбекова 2018-2019-жылы өткөн Азия оюндарынын эки жолку чемпиону, 2021-жылы Дүйнө чемпиону аталган.

Ал эми 2021-жылы Норвегиянын Осло шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында алтын байгени утуп, кайрадан чемпион болгон.

Андан тышкары, Айсулуу Тыныбекова Польшада кыз-келиндер арасында өткөн «Poland Open-2021» эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеште алтын медаль уткан.

Балбан кыз United World Wrestlingдин дүйнөдөгү эң мыкты балбан кыз-келиндеринин тизмесинин сап башына чыккан.

Тема боюнча:

Кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатында күмүш медаль тагынды