Өлкөдө кыргыз элинин материалдык эмес маданий мурастарын изилдөө институту түзүлөт

Президент Садыр Жапаров «“Манас” эпосунун үчилтигин («Манас», «Семетей», «Сейтек» эпостору) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Президенттик администрациянын басма сөз кызматынан соңку жылдары маданий мурасты сактоого жана жайылтууга багытталган чаралар ишке ашырылганын белгилешти.

«Кыргыз эли көчмөн цивилизация доорундагы поэтикалык-аткаруучулук маданиятты: эпосторду айтуучулардын, манасчылардын, жомокчулардын, дастанчылардын, санжырачылардын, төкмө-акындардын өнөрүн өзүнө камтыган элдик оозеки чыгармачылыктын кайталангыс мурасына ээ. Алардын чеберчилигинин аркасы менен ири жана чакан эпостордо кыргыз элинин тарыхындагы жана турмушундагы окуялар жана маалыматтар көркөм-поэтикалык түрдө чагылдырылган. Кыргыздардын баа жеткис руханий мурасынын асыл берметтеринин бири болуп жарым миллиондон ашык ыр сабынан турган жана дүйнөдөгү эпостордон көлөмү боюнча ашып түшкөн “Манас” баатырдык эпосунун үчилтиги эсептелет», — деп белгиледи басма сөз кызмат.

Президенттик администрациядан белгилешкендей, «Манас» эпосу кыргыз элин бириктирүүчү иденттүүлүктүн жана эгемендиктин идеологиялык фактору катары зор мааниге ээ.

Басма сөз кызматтан белгилешкендей, бүгүнкү күндө өлкөдө ири жана чакан эпосторду изилдөө жана жайылтуу боюнча концепциянын бүтүн системасы жок. Ошондуктан ири жана чакан эпостордун гуманисттик идеяларын кеңири пропагандалоо, ошондой эле элдик оозеки чыгармачылыкты коргоону, жайылтууну жана изилдөөнү камсыз кылуу максатында токтом кылынат:

1. Көчмөндөр цивилизациясынын өзгөчө кайталангыс салттарын сактап калган элдин – кыргыздардын материалдык эмес маданий мурастарын сактоо, мындан ары изилдөө жана популярдаштыруу, Кыргызстандын элинин руханий кайра жаралуусуна жана мындан аркы маданий өнүгүүсүнө, ата-бабалардын калган мураска аяр мамиле кылууга жана муундардын уланмалуулугуна, улуттук өзгөчөлүктөрдү жана өзүн өзү таанууну, тарыхый каада-салттарды сактоого багытталган шарттарды түзүүнү камсыз кылуу мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын стратегиялык милдеттери деп аныкталсын.

2. Министрлер кабинети 2022-жылдын 1-сентябрына чейин:

  • «Манас» эпосун изилдөө жана популярдаштыруу боюнча концепцияны жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыксын жана бекитсин;
  • «Манас – улут биримдиги жана ынтымагы» маалымат өнөктүгүнүн концепциясын жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана бекитсин;
  • Боз-Бөлтөк тоосуна «Манас төр» скульптуралык жана тарыхый-архитектуралык корук статусу берилсин жана каржылоо булагын аныктоо менен аталган скульптуралык жана тарыхый-архитектуралык корукту куруу боюнча долбоорду, аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыксын;
  • улуттук мурастардын объекттеринин тизмесин тактасын жана аны илимий, тарыхый жана академиялык баалоону жүргүзсүн;
  • улуттук мурастарды коргоо бөлүгүндө «“Манас” эпосу жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоорун иштеп чыксын жана Жогорку Кеңештин кароосуна киргизсин;
  • аталган иш-чараларды финансылык камсыздоо боюнча тиешелүү чараларды көрсүн;
  • жалпыга маалымдоо каражаттарында илим чөйрөсүнүн, коомдук институттардын өкүлдөрүн тартуу менен аталган иш-чараларды кеңири чагылдырууну жүргүзсүн.

3. «“Манас” жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы» мамлекеттик мекемесинин алдында Кыргыз элинин материалдык эмес маданий мурастарын изилдөө илимий-изилдөө институту түзүлсүн.