Пара берүүгө аракеттенген делип кармалган эсепчи конвертти УКМКнын кызматкери салып койгонун айтты

21-апрелде күч кызматкерине пара берүүгө аракет кылып жатканда кармалганы айтылган Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы бухгалтеринин орун басары конвертти ага УКМКнын кызматкери өзү салып койгонун билдирди. Бул тууралуу эсепчи аял Инстаграм барагында жазды.

УКМКнын басма сөз кызматы 23-апрелде маалымат тараткан. Анда Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкери финансы-чарбалык ишмердикти текшерүүнү токтотуу үчүн атайын кызматтын өкүлүнө 20 000 сом пара берүүгө аракет кылып, бирок жеринен дароо кармалганы маалымдалган.

Аялдын аты-жөнү Салима Шаршенова. Ал өз билдирүүсүндө 8-апрель күнү УКМКнын Сокулук району боюнча Р. аттуу кызматкеринин суранычы менен 2020-2021-жылдын «анализдери» камтылган документтин отчётун жеткирип барганын айтып берди. Ал эми 20-апрелде аталган кызматкер телефонго СМС жөнөтүп, 2019-жылга карата дагы документтерди алып келип берүүнү өтүнгөн.

Шаршенованын айтымында, ал документтерди алып барган, бирок ал убакта Р. жумуш ордунба болбогондуктан аларды кароолдо отурган аялга таштап кеткен. Ал эми 21-апрелде ага Whatsapp’тан СМС келип, катта Р. атту кызматкер саат 17:30 — 18:00гө келип кетүүгө чакырган.

«Мен аргасыздан жумуштан чыгып алып бардым. Мен келгенде Р. аттуу кызматкер өзүнүн кабинетине ээрчитип барды да, мага конверт суна калып, “бул сиздики”, “алып кетиниз” деп кыйнады. Мен анын сунушуна макул болбой, туруп кетүүгө аракет кылсам, ал мага ошол конвертти кыйнап, чөнтөгүмө салып жиберди», — деп жазат аял.

Эсепчинин айтымында, ошол маалда иш бөлмөгө УКМКнын башка кызматкерлери кирип келип, күбөлүктөрүн көрсөтүшкөн. Шаршеева ошол убакта чочуп кеткендиктен « бул подставабы?» деп сураган.

Андан соң аялдын билдирүүсүндө Р. аттуу кызматкер кирип келгендердин көзүнчө «бул эже мага конверт берип жиберди экен» деп ойлоп, «[аны] мен эженин сол чөнтөгүнө салдым» деп айта баштаганы баяндалган. Ал эми кирип келген УКМКнын кызматкерлери конвертти алып чыгууну талап кылышкан.«Бирок, бул конверт мага тиешелүү болбогондуктан, чөнтөгүмө колумду салган да жокмун, ким салса, ошол алып чыксын дедим», — дейт Шаршеева Р. аттуу кызматкер конвертти эсепчинин чөнтөгүнө өзү салганын тастыктаганын, экөөнөн түшүнүк кат алынып, андан соң гана үйүнө кеткенин кошумчалап.

Шаршеева билдирүүсүнөн аягында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылып, аброюна шек келтирип, «жалаа жаап» сайтка маалымат чыгарган комитеттин басма сөз кызматкерлерине чара көрүүнү суранган. «Клооп» азырынча бул иш боюнча УКМКдан комментарий ала албады.