Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн эсепчиси УКМК кызматкерине пара берип жатканда кармалды

Пара берип жатып кармалган эсепчи. Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы.

Үстүбүздөгү жылдын 21-апрелинде Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы бухгалтеринин орун басары УКМК кызматкерине пара берүүгө аракет кылып жатканда кармалды.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, М.С.Ш аттуу шектүү мамлекеттик сатып алуулардын мыйзамдуулугун текшерүүнү токтотуу максатында УКМКнын кызматкерине 20 миң сом пара берүүгө аракет кылган.

УКМК бул боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

Буга чейин, 21-апрелде Сокулук РИИБдин тергөө кызматынын башчысынын орун басарын 20 миң сом пара алып жатканда кармалган. Шектүү арыз ээсине карата жүрүп жаткан сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн 50 миң сом талап кылганы белгилүү болгон.

Коррупциянын денгээлин изилдеген Transparency International эл аралык уюмунун маалыматына ылайык, Кыргызстан 2021-жылы жемкорлуктун деңгээли боюнча 27 упайга ээ болуп, 144-орунга чыккан. Бул көрсөткүч 2020-жылга салыштырмалуу 20 баскычка төмөн — мурдагы жылы Кыргызстан 31 упай менен 124-орунда болчу.

Тема боюнча:

Сокулук РИИБдин жетекчилеринин бири 20 миң сом пара алып жатканда кармалды

«25 миң сом талап кылган». Бакай-Ата райондук сотунун судьясы пара алып жатканда кармалды