Ошто шаардык сот үй камагына чыгаргандан кийин качып кеткен шектүү изделүүдө

Ошто баңгизат менен кармалган киши шаардык сот үй камагына чыгаргандан кийин из жашырды. Ош ШИИБи 25-апрелде шектүүгө издөө жарыялады.

Эмне болду?

Ош ШИИБи 21-апрелде баңгизат сатууга шектелип 35 жаштагы тургун кармалганын билдирген. Ал Кара-Суу районундагы Жаңы-Арык айылында убактылуу жашап турган.

Милиция кызматкерлери шектүү тууралуу маалыматтарды алгандан кийин, наркотик колдонгон адам катары андан баңгизат да сатып алышкан.

Ал Ош шаарынын аймагынан кармалып, Жаңы-Арыктагы үйүндө тинтүү жүргөн. Анда үйдөн жалпы салмагы 800 граммды түзгөн опий жана гашиш табылган. Ошондой эле 600 евро акча алынган. ШИИБден аталган акча каражаты «жасалма экени тастыкталды» деп ишендиришкен.

Ошондой эле ШИИБден шектүү буга чейин эки жолу соттолгонун, акыркысында жасалма акча менен кармалып жаза өтөп чыкканын билдиришкен.

«Жасалма акчаны же баалуу кагаздарды жасоо» жана «Баңгизат каражаттарын сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо» беренелери менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган.

Ал эми 22-апрелде Ош шаардык соту анын бөгөт чарасын карап, үй камагына чыгарган. Кийин 25-апрелде милициянын кезектеги сурагына келген эмес. Үйүнө барган милиция кызматкерлери дагы таппай калган.

ШИИБден шектүү сот аны үй камагына чыгарган күнү эле качып кеткенин билдиришти.

«Өзгөчө оор кылмыш эмес»

Шаардык соттун басма сөз катчысы Айпери Туратбек кызы «Клоопко» судья эмне үчүн шектүүнү үй камагына чыгарганы боюнча түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, шектүүнүн иши «өзгөчө оор кылмышка кирбейт», ошондой эле ал «күнөөнү мойнуна алган эмес». Мындан сырткары анын «оорукчан апасы жана туруктуу жашаган жери бар экени» эске алынган.

«Айыпталуучуга “тергөөчүнүн биринчи чакыруусу менен келүү, саат 22:00дөн 06:00гө чейин үйдө болуу” тууралуу шарттар коюлган», — дейт Туратбек кызы.

Бирок шектүү аталган шарттарды бузгандыктан анын бөгөт чарасы камак түрүнө өзгөртүлдү. Учурда аны издөө иштери башталып, тергөө уланып жатат.