Бишкекте өрт өчүрүү кызматынын унаасы аралашкан жол кырсыгы катталды

24-апрелде Бишкектеги «Ак-Босого» жаңы конушунда өрт өчүрүүчү унаа жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына ылайык, өрт өчүрүүчү унаа «Ак-Босого» жаңы конушуна чалуу боюнча бара жаткан. Жолдо атайын унаа менен жеңил унаа менен кагышкан.

«Адистештирилген өрт өчүрүүчү автоунаа жарк эткен маяк жана атайын үн сигналы менен белги бергенине карабай жеңил унаа жол бошоткон эмес. Натыйжада унаалар кагышкан», — деп билдиришти ӨКМдан.

Мекемеден кошумчалашкандай, кырсыктын кесепетинен атайын өрт өчүрүүчү унаа капталына аласалып, үч куткаруучу жана айдоочу жабыркаган.