Монголияда өткөн Азия чемпионатында Улукбек Жолдошбеков коло медаль тагынды

Кыргызстандык спортчу Улукбек Жолдошбеков Монголияда өткөн күрөш боюнча Азия чемпионатында 61 кг салмак категориясында коло байгенин ээси болду.

Күмүш медаль үчүн болгон кармашта кыргызстандык балбан индиялык атаандашын 6:4 эсебинде жеңди.

Ошентип бул мелдеште Кыргызстандын куржунуна 12 медаль түштү.

Аялдар күрөшүндө Айпери Медет кызы (76 кг) алтын, Мээрим Жуманазарова (68 кг салмакка чейин) жана Айсулуу Тыныбекова (62 кг чейин) күмүш медаль утушту.

Эркектердин арасында алтын Жоламан Шаршенбеков (60 кг), Тынар Шаршенбеков (63 кг чейин) жана Акжол Махмудов (77 кг чейин) алтын байге багынтты. Эрназар Акматалиев (70 кг чейин) күмүш, ал эми Алмазбек Сманбеков (57 кг чейин), Адилхан Нурланбеков (72 кг чейин), Үзүр Жусупбеков (97 кг чейин) жана Роман Ким (130 кг чейин) коло медалдарга ээ болушту.