Селден улам жабылган Ош — Сары-Таш — Эркечтам жолу бир тараптуу ачылды

Катуу жааган жамгырдан кийинки селден улам жабылган Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолу бир тараптуу ачылып, авто унаалар өткөрүлө баштады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда жолду тазалоо иштери уланууда, кошумча авто грейдер тартылышы күтүлүүдө. Ушул убакыт аралыгында, селдин кесепетинен жабыркагандар жок.

25-апрель күнү саат 09:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулар Алай районунун Корул айыл өкмөтүнүн Тогуз-Булак жана Биринчи Май айылындарындагы турак үйлөрдүн короосун, ички-чарбалык жолду каптаган. Андан соң Алай районун облус борбору менен байланыштырган негизги жол жабылып калган.

ӨКМ жарыялаган видеодо жолдун негизги бөлүгүн суу жеп, көп сандагы унаалар токтоп турганын көрүүгө болот. Видеонун автору айдоочулардын көпчүлүгү Чоң-Алайдын тургундары экенин айткан.

Бир күн мурда, 24-апрелде Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда жайгашкан Ооган-Талаа айылында дагы сел жүргөн. Анда турак үйлөрдү суу каптаган.