Тизме: Экинчи дүйнөлүк согушта туткунга түшүп, Норвегияда көз жумган кыргызстандыктар

Казакстандын Норвегиядагы элчилигинин кеңешчиси Талгат Жумагулов Экинчи дүйнөлүк согушта туткунга түшүп, Норвегиянын аймагында каза болгон кыргыз жоокерлеринин тизмесин жарыялады.

Ал согуш жылдары Норвегияга 100 миңдин тегерегинде советтик туткундар «алып келингенин» баса белгиледи. Алардын ичинен 15 миңге жакын киши каза болгон.

«Бүгүнкү күндө krigsgraver.no (норвегиялык Falstadsenteret борбору даярдаган) сайтында 7000ге жакын аскердин аты-жөнү жарыяланды. Акыркы үч жылда Осло шаарындагы Казакстандын элчилиги казакстандык аскерлерди аныктоо үчүн бул база менен ырааттуу иштеп келишкен, анткени алардын баары дайынсыз жоголгон деп айтылып келген», — деп айтылат билдирүүдө.

Жумагулов башка постсоветтик республикалардын курман болгон аскерлери тууралуу маалыматтарды өзүнчө чогултууну чечкенин айтат. Бул ирет ал кыргызстандык жоокерлер «болушу толук мүмкүн» делген ысымдардын тизмесин жарыялады.

Жумагуловдун айтымында, бир катар жоокерлердин Кыргызстанга таандык экенин жакында санариптик форматка салынган немис документтеринин негизинде аныктоого болот.

«Мисалы, аскердин мекенин үйүнүн дареги менен аныктаса болот (“Фрунзе шаары” же “Фрунзе облусу”, көбүнесе түшүнүксүз кол жазма менен жазылып, республикасы көрсөтүлгөн эмес). Бул учурда ар бир документ менен өз алдынча иштөө керек. Экинчи маселе — аскердин атына карап анын кайсыл бир өлкөгө же улутка таандык экенин аныктоо. Мисалы, Лиллехаммер шаарында “Симбай Айдаралиев” аттуу аскер жерге берилген. Аты өзгөрүп деле кетиши мүмкүн, Казакстандын маалымат базасында дал келүү жок. Орусиялык порталдарда (“Мемориал”, “Память народа”) Ош облусунан келген, кийин дайынсыз жоголгон “Сүйүмбай Айдаралиев” аттуу жоокер көбүрөөк дал келет», — деп түшүндүрдү ал.

Жумагулов 1945-жылы каза болгондорду табуу татаал, анткени «немистер» толук картотеканы 1944-жылдын соңуна чейин толтурушкан.

«Сунушталган тизме жоокерлердин урпактарын, туугандарын жана жакындарын табууга, ошондой эле андан аркы изилдөөгө жана алардын жаркын элесин түбөлүк калтырууга салым кошот деп ишенем», — деп белгилеп, андан соң курман болгон кыргызстандык жоокерлердин ысымдарын тизмектеди:

  • Николай Семёнович Агошкин, 1922-жылы 15-февралда Чүй облусунун Сокулук айылында туулган. 1943-жылы 13-апрелде каза болгон;
  • Симбай Айдаралиев (Сүйүмбай Айдаралиев болушу мүмкүн). 1915-жылы туулган. 1945-жылы 11-апрелде каза болгон;
  • Жанабек Арапов . 1945-жылы каза болгон;
  • Семён Федорович Караулин. 1916-жылы Ысык-Көл облусунун Түп айылында жарык дүйнөгө келген. Ал 1942-жылы 8-декабрда каза болгон.
  • Павел Поликарпович Кислицин. 1906-жылы Фрунзе шаарында туулган. 1942-жылы 11-ноябрда каза болгон;
  • Алексей Романович Кононенко. 1912-жылы Чүй облусунун Вознесеновка айылында туулган. 1943-жылы 20-июнда каза болгон;
  • Трофим Егорович Кулаков. 1913-жылы Ысык-Көл облусунун Раздольное айылында төрөлгөн. 1943-жылы 17-февралда каза болгон;
  • Жолдошбек Мисабеков (аты-жөнү өзгөрүп кеткен болушу мүмкүн). 1945-жылы каза болгон.
  • Сатик Нурунбетов. 1916-жылы Бешкыштак айылында туулган. 1943-жылы 31-декабрда каза болгон;
  • Владимир Фомич Морозов. 1906-жылы Фрунзеде туулган. 1943-жылы 30-майда каза болгон;
  • Барделек Олурбек (Бердибек Өмүрбеков болушу мүмкүн). 1945-жылы 26-июлда жерге берилген;
  • Яков Иванович Павленко. 1901-жылы Чүй облусунун Камышановка айылында туулган. 1944-жылы 9-августта каза болгон;
  • Михаил Михеевич Рузанов. 1919-жылы Константиновка айылында төрөлгөн. 1943-жылдын 10-декабрында каза болгон.
  • Владимир Петрович Суховенко. 1922-жылдын 20-январында Ысык-Көл облусунун Михайловка айылында жарык дүйнөгө келген. 1943-жылдын 10-декабрында каза болгон.
  • Ауган Тикабаевич Тухамбаев. 1916-жылы Талас облусунда төрөлгөн. 1943-жылдын 24-майында каза болгон.