«Акча жок деп жатасыңарбы?». Бекешев бюджеттик комитет 500 млн сомду кайда бөлгөнүн айтты

25-апрелде депутат Дастан Бекешев Телеграм-каналы аркылуу өзү төраганын орун басары болгон парламент комитети мамбюджеттен миллиодогон сомду кайда жумшай турганын айтып берди.

«Акча жок деп жатасыңарбы? Мамлекеттин акчасы бар, ал аз акча эмес», — деп белгиледи депутат.

Депутаттын айтымында, комитет мамлекеттик резервден президенттин резервдик фондуна 500 млн сом бөлүүнү жактырды. Бекешев өлкө башчысынын фондунун «суммасы өтө эле көп» экенин белгиледи.

2021-жылдын декабрында Бекешев президенттин резервдик фонду республикалык бюджеттин кирешесинен 2%га көбөйтүлгөнүн айткан. Анда депутат, мындай жол менен өлкө башчы 2,8 млрд сом каражатты жумшоого укуктуу болорун белгилеген.

Мамлекеттик каржы көзөмөлүнүн мүчөлүк акысын төлөөгө комитет дагы 8,7 миллион сом бөлүүнү жактырган. Депутат ведомство кайсы бир эл аралык уюмга 2016-жылы эле карыз болуп калганын билдирди, бирок кайсы уюм экенин тактаган жок.

«47 млн сомду Кыргыз улуттук “Манас” театрын каржылоо үчүн [жактырылды]. Жашыруун чыгымдарга бөлүнгөн дагы башка көлөмдүү суммалар болду», — деп жазды Бекешев.

Мындан тышкары, депутаттын маалыматына ылайык, комитет мамлекетке 160 млн доллар карыз алууну колдоп берген. Бул акча бюджетти колдоого жумшалат. Анын 80 млн долларын Кыргызстан ушул жылы алат.

Дагы $29 млнду бийлик грант катары «Жашыл климаттык фонддон» алат. Бул каражатка Нарын жана Ош облусундагы такырланган жайыттарды жана токойлорду жакшыртуу пландалган.

Депутат ошондой эле комитет 14 млн евро насыя жана 3 млн евро грант алууну колдоп бергенин жазган. Каражат Ош облусунун ирригация тармагына жумшалат.

Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, акыркы эки жылда өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрү менен 758,3 млн долларлык келишимге кол койгон.

Мекеменин билдиргени боюнча, бул сумманын ичинен 466,8 млн доллар — кредит, калган 291,5 млн доллары — грант. Министрликтен Кыргызстан жаңыдан өнүгүп келе жаткан, кирешеси төмөн өлкө болгондуктан донорлор зайымдарды «кыйла эле жеңилдетилген шарттар менен» берип жатышканын белгилешти.