Президенттин тапшырмасы, «Youtube жылдызы», Нурбаевдер кланы. Эмне болуп жатат?

Жаныкулов, Нурбаев, Түмөнбаев жана Бакиров. 

Жогорку Кеңештин 27-апрелдеги жыйынында депутаттар Акылбек Түмөнбаев жана Өмүрбек Бакиров президенттин Оштогу өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкуловго чара көрүүнү талап кылышты. Алар Жаныкуловду депутат Жалолидин Нурбаевди «каралады» деп айыпташты.

Облус башчынын орун басары Жаныкулов буга чейин Араван районунун Алля Анаров айыл өкмөтүнө рейд менен барган. Рейд учурунда тартылган видеолор YouTube’га жүктөлгөн. Алардын биринде Жаныкулов аталган айыл өкмөттү мурда жетектеген «депутат Нурбаевдин үй-бүлөлүк кланы аймакты башкарып жатат» деп айткан болчу.

Жаныкулов өзү «Клоопко» депутаттар иштин чоо-жайын билбей туруп, кесиптешин коргоп чыкканына түшүнбөй жатканын айтты. Ал рейд учурунда бардык фактылар топтолгонун, жакын арада президент баш болгон тиешелүү органдарга жиберилерин билдирди.

«Депутатыбыздын ар-намысына шек келтирип жатат»

Депутат Акылбек Түмөнбаев парламенттин төрагасы Талант Мамытовго кайрылып, Жаныкуловдун иш-аракетин текшерүү үчүн прокуратурага жолдомо берүүнү талап кылды. Түмөнбаев облус башчынын орун басарын «туура эмес иш-чараларды кылып жатыптыр» деп айыптады.

«Өзүңүздөр соцтармактан көрүп жатасыздар, өзү блогер болуп алганбы же YouTube жылдызы болуп алганбы билбейбиз, “Нурбаевдин кланын ачтык” деп чыгарып, туура эмес маалыматтарды таратып жатат. Бир буйрук менен губернатордун орун басары болуп иштеп жаткан жигит эл шайлап келген депутаттын укугун бузуп бузуп жатат», — деди ал.

Ошондой эле ал «Жаныкулов менен облус башчысы Зиядин Жамалдинов өздөрү инвестор тартпай, Нурбаевди көрө албай жатышат» деп сүйлөдү.

Ал эми депутат Өмүрбек Бакиров «Нурбаев башчы болуп турганда айыл өкмөт өнүккөн» деп, Жаныкулов депутатка «өтө чоң айып койду» деп ачууланды.

«Мына ошол айыптарды элге жарыялап, жар салып жатат. YouTube’га чыгып алып ошол жерде 200-300 миң эл көрүп жатат [...] Бир облустун башчысынын орун басары мына ушундай айыптарды тагып жаткандан кийин биз реакция кылышыбыз керек», — деди Бакиров.

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов президенттин жана минкабдын парламенттеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, ишти териштирип чыгууну буюрду.

«Чакыргыла дагы тактагыла. Мамлекеттик кызматты ээлегенден кийин ошого ылайык иш алып барсын. Анан YouTube’га чыгып алып блогер болгону эмне деген сөз? Мындан сырткары тиешелүү профилдик комитетке протоколдук тапшырма беребиз, комитетте дагы карап, бул боюнча расмий чечим кабыл алгыла», — деди ал.

Жаныкуловдун рейди, «Нурбаевдин инвесторлору» жана кызматтагы туугандары

Президентти Оштогу өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов 21-апрелде атайын түзүлгөн райондук комиссия менен биргеликте Алля Анаров айыл өкмөтүнө рейд менен барган. Анын айтымында, буга жергиликтүүлөрдүн мыйзамсыз берилген жерлер боюнча текшерип берүүнү суранганы себеп болгон.

Рейд учурунда тартылган видеолор 300 миңден ашуун катталуучусу бар Tez Kabar YouTube каналына жүктөлүп, жүз миңден ашык киши көргөн. Ал эми 25-апрель күнү каналга «Рейддин жыйынтыгы, Нурбаевдер ээлеген айыл өкмөт» деген аталышта видео жүктөлгөн.

Анда Жаныкулов өзү рейд учурунда аныкталган фактылар боюнча түшүндүрмө берген. Аткаминердин айтымында, Жалолидин Нурбаев аркылуу келген инвесторлорго Араван районундагы бир нече айыл өкмөттөн жалпысынан 1000 гектар жер ижарага берилген.

Алардын арасында эгин талаасы, «Ассафа» фонду тигүү цехин курган жер жана «Нур билим» жеке менчик мектебине берилген райондук маданият үйүнүн имаратынын бир бөлүгү бар.

Облус башчынын орун басары «ижарага берилген жерлердин биринде дагы мыйзамдуу документтер жасалган эмес» дейт. Ошондой эле айыл өкмөттө, ижарага берилген тигүү цехинде жана мектепте иштеп жаткан депутаттын туугандарын тизмектеп берген.

Алар:

  • Халида Нурбаева, бир тууган карындашы — «Ассафа» кайрымдуулук фонду куруп берген тигүү цехинде директордун орун басары;
  • Бексултан Артыков, бир тууган жээни — аталган тигүү цехинде кызматкер;
  • Нурбаева Шахида — «Нур билим» жеке менчик мектебинин мурдагы директору;
  • Артыков Арслан, бир тууган жээни — «Нур билим» жеке менчик мектебинин ашканасында башкы ашпоз;
  • Мирлан Нурбаев — айылдык кеңештин депутаты жана аталган мектепте кызматкер;
  • Кудайбердиев Розали, аталаш тууганы — Алля Анаров жергиликтүү кеңешинде төрага;
  • Абдураимов Ахрор, таекеси — жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары;
  • Хашым Мадрахимов — Алля Анаров айыл өкмөтүндө сугат суу бөлүштүрүү боюнча кызматта иштейт.

Жаныкулов туугандардын бири айыл өкмөт башчы, бири төрага болуп «өздөрүнүн кызыкчылыктарын коргоп келишкен» деп билдирген. Ал айыл өкмөттө аныкталган мыйзам бузуулардан улам тогуз жылдан бери айыл өкмөт башчынын орун басары болуп иштеп келген Акрам Өктамов кызматынан кеткенин кошумчалаган.

Эртеси күнү айыл өкмөттүн бир нече тургуну Жаныкуловго нааразычылык билдирип чыккан. Алар рейд учурунда тартылган видеодо «жалган маалыматтар айтылганын», ал эми Нурбаев «жакшы иштегенин» айтышкан. Ошондой эле Өктамовду ордуна кайтарууну талап кылышкан.

Өктамов өзү «жогорку жактан талап болгону үчүн» кызматтан кеткенин айткан. Ал «мыйзам боюнча иштегенбиз» деп ишендирип, Жаныкуловду жалган маалымат таратууга айыптаган.

«Президенттин тапшырмасы»

Данияр Жаныкулов «Клоопко» курган маегинде рейддер президенттин тапшырмасы менен өтүп келе жатканын билдирди. Ал эми чагымчылдыктар болбосу үчүн түз эфирде чагылдырылып, видеого тартылат дейт.

Ошондой эле мыйзам бузуулар болгону тууралуу «бардык фактылар бар» деп ишендирди. Ал «ким болбосун мыйзамсыз иш-аракеттери үчүн жооп бериши керек» деп белгиледи.

«Ал жерде түздөн-түз мыйзамдар тебеленген. Бардык далилдерди алып чыктык. “Жогорку Кеңештин депутатынын мурдагы жасаган мыйзамсыз аракеттери ошол боюнча калып кетиши керек, ага эч ким тие албайт” деген маселе жок да. Биз баары мыйзам чегинде болсун деген гана талапты койдук», — деди ал.

Жаныкулов президент Садыр Жапаровго жана тиешелүү органдарга топтолгон фактылар боюнча кайрылуу жолдоноорун кошумчалады.

Ал эми депутат Жалолидин Нурбаев өзү бул боюнча комментарий бере элек.
Нурбаев парламенттин жетинчи чакырылышына №6 Араван округунан шайланып келген. Ал буга чейин Алля Анаров айыл өкмөтүн жетектеген.