Бишкек: Окуучу кыздар мушташкан окуя балдар иштери боюнча комиссияда каралат

Бишкектеги №56 мектепте эки окуучу кыз мушташты. Окуя 18-апрелде болгон. Бул маалыматты «Клоопко» Бишкек мэриясынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, мушташ башталгыч класстын окуучуларынын ортосунда болгон. Окуядан кийин мектепте түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн, иштин документтери милициянын көзөмөлүндө.

«Тиешелүү кызматтар жана адамдарга окуя боюнча кабар берилди. Мектептин директоруна жана тарбия иштери боюнча бөлүм башчыга тартиптик чаралар көрүлдү», — деп билдиришти мэриядан.

Мэриядан кошумчалашкандай, окуучу кыздар мектептен чыгарылбайт, себеби бул учурда алардын укугу бузулуп калат. Кыздар менен психологдор дагы иштеп жатат.«Маселе акимиаттын балдар иштери боюнча комиссиясында каралат, тергөө жүрүп жатат», — деп кошумчалашты мэриядан.