«Бишкек жашыл чарба» ишканасына жолго суу каптатканы үчүн 23 миң сом айып салынды

Патрулдук милиция «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасына жолго суу каптатканы үчүн 23 миң сом айып салды. Бул тууралуу шаардын кайгуул милициясынан кабарлашты.

Ал жактан ишкананын кызматкерлери 25-апрель күнү Бишкек ЖЭБдин жанында газонду сугарып жатып жолго суунун капташына жол беришкен.

«Асфальтка аккан суу өтүп жаткан автоунааларга ыңгайсыздык жараткан. Милиция даттануулар болгону айтылат», — деп билдиришти Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынан.