Чүйдө жол кырсыгынан ЭлТР каналынын кызматкери каза болду

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы айланма жолдо катталган жол кырсыгынан бир адам каза таап, дагы эки киши ооруканага жеткирилди. Жеринде көз жумган ЭлТР каналынын кызматкери болгон. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын копсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Исаев билдирди.

Исаевдин маалыматына таянсак, кырсык 27-апрелде саат 16:50 чамасында Бишкек–Торугарт унаа жолунда болгон. Анда чыгыштан батышты көздөй бараткан Orel Zafira үлгүсүндөгү унаа оор жүк ташуучу «КамАЗды» артынан келип сүзгөн.

Жеңил унаанын 33 жаштагы айдоочусу окуя болгон жерде каза болгон, ал эми 46 жана 45 жаштагы эки жүргүнчү Кант шаардык ооруканасына жеткирилген.

Үстүбүздөгү жылдын 21-апрелинде Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 62-чакырымында Тoyota Avensis менен Subaru Outback үлгүсүндөгү эки унаа кагышып, кырсыктан 69 жаштагы эркек киши жана 65 жаштагы аял жеринде каза болгон.

Маалыматка ылайык, каза болгон эки киши Казакстандын Жамбыл облусунун тургундары болгон. Ал эми жабыркаган дагы эки киши райондук ооруканага жеткирилген.