«50 миң сом». Сокулук РИИБдин кызматкерлери пара опузалоого шектелип кармалды

Пара алып жатканда кармалган тергөөчү. Сүрөт: УКМК

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 28-апрелде Сокулук райондук милициясынын тергөөчүсү 10 миң сом пара алып жатканда кармалганын маалымдады.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, алгач тургун кылмыштын курамы жок деп табылган ишти токтотуу үчүн милиция кызматкерлери 50 миң сом пара талап кылып жатанын айтып арыз жазган.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, 28-апрелде Бишкектин Учкун кичи районунан тергөөчү М.Э. жана ыкчам кызматкери У.И. кармалды.

Бул факты «Опузалап пара алуу» беренеси менен катталып, тергөөчү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул ишке калган кызматкерлердин тиешеси бар-жогу аныкталып жатат.

Мындан бир күн мурда Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын улук тергөөчүсү 200 миң сом пара алып жатканда кармалган.

Колго түшкөн милициянын майору Ш.С.К. тергелип жаткан кылмыш иши боюнча куугунтуктоону токтотуу үчүн тургундан ортомчу аркылуу 4 миң АКШ долларын талап кылганы белгилүү болгон. Шектүү жана ортомчу убактылуу кармооочу жайга киргизилген.

Коррупциянын денгээлин изилдеген Transparency International эл аралык уюмунун маалыматына ылайык, Кыргызстан 2021-жылы жемкорлуктун деңгээли боюнча 27 упайга ээ болуп, 144-орунга чыккан. Бул көрсөткүч 2020-жылга салыштырмалуу 20 баскычка төмөн — мурдагы жылы Кыргызстан 31 упай менен 124-орунда болчу.

Тема боюнча:

ИИМдин ага тергөөчүсү 200 миң сом пара алууга шектелип кармалды

«100 миң доллар пара алган». Аламүдүн райондук өнүктүрүү фондунун директору кармалды